Биз менен байланышыңыз

Токтогулда көк бөрү командасынын капитаны баңгизат менен кармалды (видео)

Кыска кабар | 12 Июл 2023 | 494 | 0

Токтогул районундагы көк бөрү командасынын капитаны баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Бишкек шаарынын аймагында көп убакыттан бери ири өлчөмдө «нашаа» баңгизатын сатып келген кылмыштуу топ боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция Бишкек шаарында баңгизат сатып жүргөн адам катары мурда соттолгон 42 жаштагы Ж.Э. аттуу жаранды аныктаган. Шектүү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган, учурда Токтогул районунун көк бөрү боюнча командасынын капитаны болуп саналат.

Бишкекте 7-июль күнү Ж.Э. башкаруусундагы «Мерседес-Бенц-814» жүк ташуучу унаасы токтотулган. Унааны текшерүү учурунда табылган банкада баңгизат жасоочу аппараттар — ширенке кутучасы түрүндөгү 2 даана Hony-Bag Basic KIT 5 фирмасы чыгарган темирден жасалган тор  болгон.

Белгилүү болгондой, милиция Ж.Э. жашаган жерде кызматтык ит менен тинтүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында сарайдын чатырында өзгөчө жыты бар зат табылган. Экспертиза табылган зат 62,32 грамм салмактагы «нашаа» баңгизаты экенин көрсөткөн.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми үйдүн короосундагы жашыруун жайда тиешелүү документтери жок ок атуучу курал сакталып турган. Учурда бул факты боюнча экспертиза дайындалган.

Шектүү соттун чечими менен эки айга камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM