Биз менен байланышыңыз

Башкы прокурордун сот отурумдарын текшерүүсү аймактарда уланат (видео)

Кыска кабар | 12 Июл 2023 | 249 | 0

Башкы прокурор Курманкул Зулушев сот процесстеринин мыйзамдуу өтүшү жана ага прокурорлордун катышуусун көрүү максатында 11-июлда Бишкектеги Биринчи Май, Октябрь, Свердлов, Ленин райондорунун жана Бишкек шаардык сотуна барып, отурумдарга катышты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ал өзү белгилегендей, сот процесстеринде тил боюнча жабырлануучу жана соттолуучунун укуктары бузулган фактылар бар.

«Коомчулукта прокурорлорго болгон ишенич эч кандай төмөндөгөн жок. Прокурорлор жогорку деңгээлде иш алып барууда. Анча-мынча кемчиликтер сөзсүз бар. жалпы көзөмөл боюнча биздин кызматкерлер өздөрүнүн милдеттерин так атакарып жатышат. Ал эми сот иштерине катышуу кандай экендигин бүгүн текшерип жүрөбүз. Бир жыл мурда айтпастан барып сот процесстерин текшерем деп сөз бергенмин. Бүгүн убактысы чыгып текшерип жатабыз», — деди ал.

Ошондой эле ал мындай кыдыруу иштери аймактарда да жүрө тургандыгын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM