Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты кармоого мораторий киргизилди

Кыска кабар | 12 Июл 2023 | 177 | 0

Президент Садыр Жапаров «Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Мамлекеттик балык чарбалык көлмөлөрүндө балык запастарын сактоо жана көбөйтүү максатында, Конституциянын 71-беренесин жана «Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө» мыйзамынын 8-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Балыкты төмөнкү максаттар үчүн уулоону кошпогондо, Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө жашаган балыктардын бардык түрлөрүн өндүрмөлүк кармоого, ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана ташып чыгууга үч жылга убактылуу тыюу салуу (мораторий) жарыялансын:

1) ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруу жана өткөрүү;

2) балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу боюнча бекитилген ар жылдагы пландык иштерди жүргүзүү;

3) илимий-изилдөө иш-чараларын жана балык запастарынын абалына ихтиологиялык мониторинг жүргүзүү.

2. Министрлер Кабинети:

– бул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн, анын ичинде аквакультура чөйрөсүндөгү колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM