Connect with us

«Салык чек» лотереясынын экинчи турунда 10 батир ойнотулат

Кыска кабар | 11 Июл 2023 | 916 | 2

25-декабрдан 30-декабрга чейин Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын экинчи турун өткөрөт.

Мекемеден билдиришкендей, экинчи этапта 10 батир, 10 электромобиль, чет өлкөгө 3 жолдомо, 500 iPhone 14, 500 смартфон, 150 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 20 фен ойнотулат.

Учурда лотереянын катышуучуларына ID-номерлер жумасына 2 жолу ыйгарылып жатат.

«Салык чек» тиркемеси аркылуу ID-номерлерди ыйгаруу процесси төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

  • дүйшөмбүдөн шаршембиге чейин сканерленген кассалык чектерге жума күнү саат 23:30дан кийин берилет;
  • бейшембиден жекшембиге чейин сканерленген кассалык чектерге шаршемби күнү саат 23:00дөн кийин берилет.

Бул тобокелдикке багытталган лотерея катышуучуларын өз убагында жана сапаттуу талдоону камсыз кылуу үчүн ишке ашырылууда.

ID-номерлер 1000001ден баштап катар номери менен ыйгарылат.

Топтолгон ар бир 1000 сомго 1 ID-номер берилет.

Лотереяга катышуу үчүн «Салык чек» тиркемесин жүктөп алуу жана катталуу жетиштүү. Андан кийин тиркеме аркылуу товар же кызмат сатып алуудан кассалык чекти сканерлөө керек.

2 пикир

2 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM