«Тазалык» муниципалдык ишканасы Бишкектеги таштанды аянтчаларын оңдоп-түзөө иштерин улантууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар боюнча 200дөй таштанды аянтчасы, анын ичинде 1015 контейнер оңдоп-түзөөдөн өттү. Учурда таштанды контейнерлеринин дөңгөлөктөрүн жаңылоо, контейнерлерди түздөө, таштанды аянтчалардын айланасын атайын каражаттар менен жууп-тазалоо, аянтчага чатыр салуу же оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Белгиленгендей, ар бир райондо жумушчулардын экиден бригадасы иш алып барууда.