Connect with us

Бир жумада 21 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталды

Кыска кабар | 10 Июл 2023 | 247 | 0

Кыргызстандын аймагында 1-июлдан 7-июлга чейинки аралыкта 21 миң 36 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Анын ичинен 245 айдоочу тиешелүү документи жок рулга отургандыгы аныкталган.

Андан сырткары:

  • мас абалында автоунаа башкаруу — 191;
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 39;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1 013;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 431;
  • автоээнбаштык — 9;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4 011;
  • жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу — 3;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 миң 94.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 539 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM