Connect with us

Ошто ашканада газ баллон жарылып, бир адам каза болду

Кыска кабар | 10 Июл 2023 | 471 | 0

Ошто газ баллон жарылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Ош шаарынын Ноокат көчөсүндө унаа тетиктерин саткан «Алай» базарынын аймагында жайгашкан ашканада орун алган.

Ашканада газ баллон жарылып, кырсыктын кесепетинен 36 жаштагы Ш.Н аттуу эркек киши каза болгон.

Жерине 4 куткаруучу жана штаб тартылып, маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM