Кыргыз элинин улуттук ашканасын сактоо, өнүктүрүү жана аны даңазалоо максатында Ат-Башы районунун Сары-Тал жайлоосунда «Кыргыз даамы» этнофестивалы өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага маданият министринин орун басары Марат Тагаев, президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов, облустук жана райондук администрациянын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана сырттан барган коноктор катышты.
Иш-чарада ондогон боз-үй тигилип, алты бакан, селкинчек жана башка бир катар кыргыз элинин улуттук оюндары ойнотулду.
Фестивалдын жүрүшүндө көз жоосун алган кол өнөрчүлөрдүн эмгектери да орун алды. Анда Ат-Башылык уз чеберлердин кол эмгегинен даярдалган шырдак, жер төшөк жана түрдүү буюм-тайымдар коюлду. Мындан сырткары, өрмөк согуу боюнча мастер класстар көрсөтүлдү.