Биз менен байланышыңыз

«Чындыкты бетке айтканды орой дешет» (3-бөлүк)

Блог | 7 Июл 2023 | 190 | 0

Кыргыз Эл Баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. Жакиев коомчулукка «Атанын тагдыры» аттуу драмасы менен таанылган.  Жакиевдин «Миң кыял», «Алтын аяк», «Өкүм», «Эртең – жаңы жыл», «Жолугушуу», «Күттүргөн жаз да келер», «Саадак какты», «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай», «Жаза» жана башка драмалары бар. Мындан тышкары бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин автору. Анын айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган жана чет өлкөлөрдүн театрларында коюлууда.

Жакиевдин «Өмүр өтөт билинбей» эссе китебиндеги ойлору:

Ызага жеңдирип турган адам калыс боло албайт.

***

Чыныгы талант чынчыл болот. Чыныгы талант ошонусу менен бирге апенди да, ишенчээк да, ак көңүл, тез от алма болот.

***

Режиссерсуз жакшы спектакль жаралбайт, жакшы спектаклсиз артист көзгө көрүнбөйт. Жакшы режиссерсуз жакшы театр да болбойт.

***

Арам акча адамды бузат, пейилин, ниетин, ыйманын иритет. Андайлар өлө кекчил болот.

***

«Жазуучу адам ыйманынын инженери» (Сталин).

***

Жазуучунун душманы- өзү, ич тарлыгы, көрө албастыгы, талантсыздыгы. Адабияттын душманы- халтура. Халтураны колдоо- күнөө.

***

Чындыкты бетке айтканды орой дешет.

***

«Өз калкыңдын адамын бөлөк калктын адамына жамандасаң, эл болбой калганыңар ошо» (Багыбек Кундакбаев).

***

Табиятынан бийик жаралган таланттуу адамдар жашык болот.

***

Өткөндү, арбакты унутканда маңкуртчулук баш көтөрөт.

***

Адамга жакшылык кылганың- өз үчүн ыракат.

***

Адамдагы итиркей келтирген жаман жоруктун бири- актангандык.

***

Баланын кызыгуусу утурумдук болгон күндө да айнытуу жарабайт.

***

Оору адамды кор кылат, тажатат. Ооруканага кайра-кайра жаткан андан бешбетер.

***

Адам өмүрүн сактап калчу керемет дары- кыймыл.

***

Кийинкиге калтырып жүрүп, көптү өткөрүп жиберебиз, көптөн куру калабыз.

***

Канткен күндө да мансап, дүнүйөкорлук, геополитикалык саясаттын казаны кайнаган жерде адам өмүрү оюнчук экен.

***

Кыргыз менен казак аялдардын укугу  илгертен эркектердикинен кем болгон эмес, паранжы жамынган эмес. Элдик чоң маселелерди, чыр-чатактарды  акыл- эстүү аялдар менен кеңешип чечкен.

***

Жамандык издегенден учубуз узарбайт. Ыйманыбыз өрттөнбөсүн десек, башкалардын кемчилигине таба кандырбай, жакшылыгын көздөсөк жаңылбайбыз.

***

Биримдиги күчтүү калкта жеңилбестик дух жашайт!

***

Эстеликти саясатташтырып, «жок кылып» жибериш элдин эс-акылын жексен кылганга тете түркөйлүк. Эстелик адамды ойлонтот, далайды эске түшүрөт. Ошонусу менен кымбат ал.

***

Кыргыз аялдары аман турса, дагы далай  таланттар адабиятта да, театрда да, кинодо да, баарында жаралат.

***

Азаттык ыры тил болбосо ырдалат беле?!

***

Кемчиликти моюнга алуу эстүүнүн эстүүсүнүн гана колунан келген кеменгерлик.

***

Убададан танса, ыйман качат.

***

Сүрөткер адам таланттуу да, талантсыз да болушу мүмкүн. Бирок сүрөткер , чыгармачыл адам болуп туруп, ыймансыз, адепсиз жашоого акысы жок.

***

«Алсыз боло баштаганда, пайдасы азайганда бийликтин жашырмайы көбөйөт» (Азамат Алтай).

***

Сүйүүсү бар адам акылдан адашып калышы мүмкүн.

***

Ата-конушубуздун кичинеби, чоңбу ар бир тилкеси кымбат, жаныбыздан артык. Аны коргош мойнубуздагы парз.

Топтогон Мээрим Сайдилкан

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM