Биз менен байланышыңыз

Токтонасыров: Жарандык пикиримди ачык билдиргеним үчүн иш козголду

Блог | 6 Июл 2023 | 431 | 0

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров эртең, 7-июлда Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгына сурак берет. 4-июлга белгиленген сурак белгисиз себептерден улам 7-июль саат 15:00гө жылдырылган. Бул тууралуу ал өзү «Маралга» билдирди. Анын айтымында, ал 30-июнда түнкү саат 11ге чейин Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгына сурак берип чыккан. Ага «Расалык, улуттар жана аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Мен жарандык оюмду ачык билдиргеним үчүн эле сурак берип жатам

ИИМдин тергөө кызматы билдиргендей, мен улуттар аралык кастыкты козуткандыгым жана улуттук ар намыска шек келтирген Фейсбукдагы бирдирүүлөрүм үчүн сурактан өтүшүм керек экен. Ушунун негизинде мени 30-июнда кечки саат 8:30да төрт жашар неберемди жалгыз багып жатканыма карабай, күч колдонуу менен суракка алып келип, түнкү саат 11ге чейин кармашкан. Мен бул аракеттерди мыйзамсыз деп эсептейм жана жок жерден коркутуп-үркүтүүнүн амалы катары баалайм. Мен жарандык оюмду ачык билдиргеним үчүн эле сурактан өтүп жатам.

330-берене менен иш козгоо «модага» айланды

Баарбызга белгилүү болгондой жарандык позициясын активдүү билдирген жарандарга бир канча жолу ушул берене менен иш козголуп, кармалышты. Мына 330-берене (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) күч органдары тарабынан көп колдонгон, белгилүү берене болуп калды. Ар кимге козгогонго боло турган ылайыктуу беренедей болуп турат. Биз жарандык позициябызды Фейсбук баракчасынан жазып койсок эле жөнү жок жерден күнөө коюп жатышат. Бул өзү туура эмес. Жай турмушта жөн-жай жашап жаткан жарандарга жөн жерден кылмыш ишин козгоонун өзү кылмышка тете.

Сурак эки жолу үзгүлтүккө учурады

Мени тергөөчү Алмаз Эркинбаев суракка алып жатат. Сурак эки жолу үзгүлтүккө учурады. Биринчи жолкусунда, мен адвокатым жок болгондуктан, козголгон ишти окуп чыгып, кол коюудан баш тартып, адвокат талап кылдым. Экинчисинде, менин Фейсбуктагы кыргызча жазган постторум үчүн орус тилдүү адвокат менен камсыз кылышкандыктан, мен котормочу менен камсыз кылуусун талап кылдым.

Өздөрү даярдаган документ иштеринде башаламандык бар

Тергөөчүнүн токтомунда мага 30-мартта эле кылмыш иши козголгон экен. Мени үйдөн алып бара жатканда мага ошондой токтом көрсөтүштү, мен аларга чакыруу кагазы болуш керектигин айтып, талап кылдым. Алар мени барганда териштирип алаарымды айтышты. Алар 30-марттан ушул күнгө чейин эмне кылып жатышканы таң калыштуу. Эртеси күнү тергөөгө барганда, ал датаны өзгөртүшүп, 17-июнь деп жазып алышыптыр. Качан иш козголгону боюнча так дата жок.

Маалымат үчүн: Өткөн жылдын март айында Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына митингге чыкканы үчүн Өндүрүш Токтонасыровго «майда бейбаштык» жана «укук коргоо органдарына баш ийбөө» беренелери менен 6 миң сом айып салынган. Ошол эле жылдын 8-декабрында Токтонасыров Орустянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке келишине каршы Орусиянын элчилигинин алдына барганда милиция кармап кетип, кайра бошоткон.

Copyright © 2017 Maral FM