Connect with us

Жалал-Абадда мыйзамсыз корутунду чыгарган архитекторлорго кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 5 Июл 2023 | 361 | 0

Жалал-Абад шаарынын прокуратурасы тарабынан «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында мыйзамсыз корутунду чыгарган архитекторлорго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүдө, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментинин мамлекеттик экспертизасынын корутундусу жок Жалал-Абад шаарында жеке менчик жер тилкеге 9 кабаттуу турак үйдүн жана 3 кабаттуу соода борборунун курулуш иштери уруксатсыз жүргүзүлгөндүгү аныкталган.

Жалал-Абад областтык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, курулушу бүтүп жаткан объектилердин курулушуна мыйзамсыз түрдө архитектуралык-шаар куруу корутундуларын түзүшкөн.

Аталган факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 214-беренеси (Өзүм билемдик) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM