Connect with us

Алты айда Жогорку Кеңешти каржылоого бюджеттен 571 млн сом бөлүндү

Кыска кабар | 5 Июл 2023 | 214 | 0

Быйыл алты айда Жогорку Кеңештин чыгымдарын каржылоого бюджеттен 571 млн 752,1 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинин 1-январдан 30-июнга чейинки республикалык бюджеттин кассалык аткарылышы боюнча отчетунда айтылат.

Маалыматка караганда, каражаттын негизги бөлүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын, алардын жардамчыларынын жана башка адистердин эмгек акысы түзөт. Бул сумма 398 млн 526,1 миң сомду же бөлүнгөн акчанын 69,7%ын түзөт.

Унаа жана жабдуулар үчүн 21 млн 339 миң сомдон ашуун, ошондой эле кызматтык сапарлар үчүн 15 млн 540 миң сом каралган.

Copyright © 2017 Maral FM