Connect with us

Бишкекте митинг өткөрүүгө коюлган чектөөнүн мөөнөтү дагы үч айга узартылды

Кыска кабар | 5 Июл 2023 | 215 | 0

Бишкекте митинг өткөрүүгө коюлган чектөөнүн мөөнөтү 30-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мүмкүн болгон массалык баш аламандыктарды болтурбоо жана бөгөт коюу максатында, ошондой эле «Тынч чогулуштар жөнүндө» мыйзамды жетекчиликке алуу менен Биринчи май районунун акимиаты митинг өткөрүү жерлерин чектөөнү убактылуу узартуу арызы менен райондук сотко кайрылган.

Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин, Орусия элчилигинин имараттарынын жанында, Ала-Тоо аянтында, президенттин администрациясынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында тынч чогулуштарды жана митингдерди өткөрүүнү чектөө боюнча Биринчи май райондук администрациясынын чечимин күчүндө калтырды.

Бул чектөөлөр ушул жылдын 1-июлунан баштап 30-сентябрына чейин (кошкондо) күчүндө болот. Тынч чогулуштар жана митингдерди Рыскулов жана Н.Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Максим Горький атындагы скверде өткөрүүгө болот.

Copyright © 2017 Maral FM