Биз менен байланышыңыз

Керимбеков: IT-тармагы тактыкты талап кылат

Блог | 5 Июл 2023 | 252 | 0

Дөөлөтбек Керимбеков бүгүнкү күндө Америкада программист болуп иштейт. Ошол эле учурда Кыргызстандан барган мекендештерге да IT-тармагын үйрөтөт. Ал Каракол шаарында чоңоюп, К. Карасаев атындагы Ысык-Көл балдар лицейин аяктаган. Андан соң АКШнын Небраска штатындагы Омаха шаарында жайгашкан Bellevue университетинде Computer Science багытында окуган. Америкада программист болуп иштөөнүн артыкчылыктары тууралуу каарманыбыз менен маек курдук.

Белови университетинен бакалаврды бүтүп, 2015-жылдан тарта Чикагодо программист болуп иштей баштадым. Иш менен окууну айкалыштырып, магистратураны Рузвельт университетинде окудум.

Үй-бүлөлүүмүн. Эки уул, бир кызды тарбиялап жатабыз. Учурда Чикаго шаарында турабыз. Америкага 2010-жылы келгем. Ал кезде чет жакка окууга тапшыргандар аз болчу. Орто мектепти аяктап жатканда эле ушул жакты тандагам.

Жаңы окууга келгенде ар кандай жумуштарда: дүкөндө, тамактануучу жайларда иштедим. Анткени контракт төлөшүм керек эле. Окууну бүткөн соң, программист болуп иштей баштадым. 2018-жылы өзүбүздүн IT-компанияны Америкада түптөдүк. Кыргызстанга барып команда чогултуп, Peaksoft компаниясын ачтык. Бир жыл иштедик. 2019-жылы кайра Америкага келип, долбоор менеджери болуп иштедим. Бүгүнкү күндө программист кесибин аркалап келем.

Мындан тышкары өзүбүздүн компания, мектеп, платформа бар. Учурда 100дөн ашык студент окуп жатат. IT-тармакта иштеген мекендештерибизден күчтүү адистерди топтоп, бул чөйрөгө киришине жардам берип жатабыз. Ишибиз ийгиликтүү жүрүүдө. Өзүнүн билгенин бөлүшүп, үйрөтөм дегендер студенттерди окутуп жатышат.

Башында эл аралык бизнес факультетинде окуй баштагам. Кийин IT-багытына которулгам. Анткени мага бул тармактын тактыгы жагат. Жаңылыктарды киргизип, жаңы нерселерди жараткан жагат. Ошондой эле оор процесстерди оңой ишке айландырып, элдин көйгөйүн чечип, жашоосун жеңилдеткен жагат. Ошондуктан да бул кесипти тандадым. Биринчи курста эле келечектеги багытым экенин түшүнгөм.

Жумуштун жакшы жактары көп. Анткени ар дайым өскөнгө мүмкүнчүлүк бар. Жаңы нерселерди үйрөнүп турасың. Башкаларга жардамчы болосуң. Адамдардын жашоосун, ишин жеңилдеткенге себепчи болосуң. Башкаларга салыштырмалуу айлыгы да жакшы. Үйдөн иштеп, жакындарыңа көбүрөөк убакыт бөлө аласың. Отуруп иштеген жумуш болгондуктан атайын спорттук көнүгүүлөрдү да  жасап турасың.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM