Биз менен байланышыңыз

«Акыйкат сын болмоюн коом өнүкпөйт, адам түз жолго түшпөйт» (2-бөлүм)

Блог | 4 Июл 2023 | 486 | 1

Кыргыз Эл Баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. Жакиев коомчулукка «Атанын тагдыры» аттуу драмасы менен таанылган.  Жакиевдин «Миң кыял», «Алтын аяк», «Өкүм», «Эртең – жаңы жыл», «Жолугушуу», «Күттүргөн жаз да келер», «Саадак какты», «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай», «Жаза» жана башка драмалары бар. Мындан тышкары бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин автору. Анын айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган жана чет өлкөлөрдүн театрларында коюлууда.

Жакиевдин «Өмүр өтөт билинбей» эссе китебиндеги ойлору:

Табылгасыз чыгармачылыктын ырахаты да жок.

***

«Ичкиликтин масы таркайт, мактоого мас болгон оңбойт, көзүн май басып калат» (Абийир атамдын айтканы).

***

Сындоо баштан-аяк каралоого өткөн кезде коом ирийт, көз караштар түзөлбөйт, ниет агарбайт.

***

Акыйкат сын болмоюн коом өнүкпөйт, адам түз жолго түшпөйт.

***

«Калк атасы» сыйланбаган мамлекетте үй-бүлө башчысы да сыйланбай каларын, атадан аталык кадыр-барк кетерин көрдүк го!

***

Көңүл «жибиткен» амалкөйлөрдүн торуна чалынган жетекчи жаңылбай койбойт.

***

«Бар» туруп, «жок» дегенге көнбөй өмүр сүрсө адам, турмушта жан кейиткен кыйынчылыктар деле жеңил өтөт.

***

Жагымдуу ишиңди жакшы көргөн кишиңе көрсөткүң келет!

***

Адам акылды көрүнгөнгө эле айтпайт, аны айтчуга гана айтат. Ал эми тамаша кеп андан бетер эркелей турган кишиге гана айтылат. Атаңан башка да акыл айтар адамың болсо, ал бакыт эмеспи!

***

«Кыйналбаган турмуш жок, жаш кезиңде кыйналып ал, картайганда кыйналсаң кор болуп каласың» (Күлүйпа Кондучалова).

***

Таланттуу адамдар таланттуу адамдарды тааныса-тааныбаса да жогору баалап, кадыр-баркын урматтап, жакынындай көрөт.

***

Дүйнөдөгү эң оор кыйноо — бекерчилик.

***

«Жердешчилик болгон, боло берет» деген «көзү ачык» саясатчыларды угуп жүрөбүз. Андайлардын айтканын ээрчисек, эзели оңолбойбуз. Андайлардын «жердешчилиги» айбанаттардын, жан-жаныбарлардын инстинктке багынган «жердешчилигинен» эч айырмасы жок. Алардын кокту-колоттон чыга албай келатканы ошонун кесепети.

***

«Акылдуу адам кемчилигин жашырбайт» (Леонид Соболев).

***

Мезгил картайтпайт мени, элдин кайгысы картайтат. Анын ыйы менин ыйым, анын зары менин зарым.

***

«Жаман киши таарынчаак болот, таарынчаак киши кекчил болот» (Абийир атамдын айтканы).

***

Жалаанын айыбы ачылса, чындыктын күнү тууйт.

***

Өсүп-өнүгүүгө, прогресске, ынтымакка умтулган эл өзүн-өзү мактай эле бербейт, өзүн өзү сындайт, өзүн-өзү «кемсинтет», какшыктайт, анекдотторду чыгарат.

***

Кул кутурса, төбө каңдайт.

***

Өткөндөгүнү үйрөнмөйүн коом шыдыр өнүкпөйт, үстөккө-босток мүдүрүлө берет.

***

Карылыгың курусун, адамды мазактайт экен.

***

Таланттуулар кечиримдүү болсо, жанбактылар кекчил болот экен.

***

Артисттин табитин ачар таланттуу режиссёрсуз артисттин табы бышпайт, түлөгү жетилбейт.

***

Адамда адамгерчилик, ыйман жетиштүү болсо, башкалардын тагдыры кайдыгер калтырбайт аны.

***

Адамды адамдар менен иши, эмгеги, көз карашы, кыял-жоругу, чыгармачылыгы бириктирет. Бириктирбесе эки бөлүп, ажыратып жиберет.

Топтогон: Мээрим Сайдилкан

1 пикир

1 пикир

  1. Мирлан

    05.07.2023 22:13

    Мыкты сөздөр, рахмат!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM