Connect with us

Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев «матроним» боюнча пикирин билдирди

Кыска кабар | 4 Июл 2023 | 1731 | 0

Мен жеке өзүм диний жана салттуулук жагын кармануу менен баланын ата тараптын ысымын алганын колдойм. Мындай пикирин Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, эненинин атына каттоо маселеси эмне себептен келип чыкканын тактап алып, ар бир жагдайды өзүнчө талдоо керек.

«Биз, биринчиден, диний көз караш менен айтабыз. Экинчиден, салттуулук маселеси бар. Кыргыз элинде «ата-баба», «Ата Мекен» делип, урпак маселеси атасынын атына жазылат. Диний тараптан пайгамбарыбызды ала турган болсок, ал деле ата тарабына көбүрөөк ишаарат берет. Эне тараптын эмес, ата тараптын ысымын алган. Эне тараптын ысымын берүү диний жактан да көп колдоого алынбайт. Кээ бирлери Мариямдын уулу Исаны мисал келтирет. Ал — өзгөчө абал. Иса пайгамбар — атасы жок Мариям энебизден Кудай Тааланын керемет, мужизасынан төрөлгөн пайгамбар. Ошондуктан аны ошол назар менен карай беребиз. Бирок жалгыз бой энеден никесиз төрөлүп калган болсо же атасы баш тартса, мындай учурларды өзүнчө да кароо керек. Кийин ошол бала энесинин атын алып жүрсө, эртеңки күнү биздин салттуу коомдо намыстанбайбы? Муну да терең изилдөө керек. Менин оюм боюнча, атасына катталганы жакшыраак болот», — деди ал.

Ошондой эле ал атасы жок болгон учурда аялдын агаларынын же атасынын ысымын алса туура болорун кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM