27-июлда Чолпон-Ата шаарынын Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» этномаданий борборунда «Ысык-Көл 2023» эл аралык экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Форумга Кыргызстандын, Кытайдын, Орусиянын, Өзбекстандын жана башка бир катар өлкөлөрдүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышып, өлкөлөр ортосундагы конструктивдүү диалогду түзүү үчүн аянтча катары кызмат кылмакчы.
Анда энергетика, айыл чарба, өнөр жай, саламаттыкты сактоо, билим берүү, мейманкана жана ресторан бизнеси, архитектура жана курулуш (инжиниринг), маалыматтык технологиялар, логистика жана эл аралык жүк ташуу сыяктуу кызматташтык чөйрөлөрүнө тиешелүү темалар көтөрүлөт.
Форумга байланыштуу суроолор боюнча 0312300232, 996222012000 телефон номерлери аркылуу кайрылууга болот.