Биз менен байланышыңыз

«Бөксө «билим» башкаларга жугумсуз, эч кимге кызыгы болбойт» (1-бөлүм)

Блог | 3 Июл 2023 | 376 | 0

Кыргыз Эл Баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. Жакиев коомчулукка «Атанын тагдыры» аттуу драмасы менен таанылган.  Жакиевдин «Миң кыял», «Алтын аяк», «Өкүм», «Эртең – жаңы жыл», «Жолугушуу», «Күттүргөн жаз да келер», «Саадак какты», «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай», «Жаза» жана башка драмалары бар. Мындан тышкары бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин автору. Анын айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган жана чет өлкөлөрдүн театрларында коюлууда.

Жакиевдин «Өмүр өтөт билинбей» эссе китебиндеги ойлору:

«Укук» бар жерде милдет да болушу керек. «Милдеттин» укугу алиги жер сабагандардын  «укугунан» алда канча жооптуу да, жогору да турарын унутсак, тирүүчүлүгүбүз макүрөө! «Милдет» байыртан бийик бааланган. Милдетине жараша адамдын баркы көтөрүлгөн, же төмөн түшкөн. Бала асырап, балага тарбия берүү ата-эненин эң кымбат, эң ыйык, Кудай алдындагы касиеттүү милдети болгон. Жакшы адамды «тарбия көргөн уул», «тарбия көргөн кыз» дейт кыргыз. Бакчага чейинки, мектепке чейинки тарбия колдон чыгып кетсе, ошондо пайда болгон бөксө, вакуум эзели толбойт.

***

«Өлүмдүн өкүмү адамдын мойнундагы парз» (карылардын сөзүнөн).

***

Жүрөктө мээрим болбосо, жылуу алакандын деле жагымы болбос.

***

Жетимчиликтин ызасы жаман, баланы аябай басынтат, чүнчүтөт, кыйды, кекчил, арамза өстүрүп, жалтак кылып салат.

***

Күйүттө ортоктош өмүр өткөргөн адамдар кайрымдуу, күйүмдүү болот.

***

Бала тарбиялоо эркелетүү эле болсо, анда бала өзүмчүл, зөөкүрчалыш чалчаке болорун турмуш көрсөттү, ал эми кагып-силкип  тыяк-биякка жумшай берсе, маңыроо байкуш болуп калышы мүмкүн. Муну да турмуш көрсөттү. Эркелетип, эркин ойлонтуп, эмгекке аралаш үйрөткөн кезде зээндүү, сезимтал, жашоосу кызык балдар чоңоёрун да турмуш көрсөтүп келатат. Табияттын талабы, ата-эненин милдети ушундай. Кашайып аны байкабай калгандайбыз.

***

Ар-намысы күчтүү калк кордукка чыдай бербейт.

***

Башкалардан талап кылганды эле билбей, өзүбүздү да «сындыра» жүргөндү үйрөнүшүбүз керек.

***

Өз көмөчкө күл тарткан жерде ырк бузулат.

***

Кусалык адамды адам касиетинен, бир тууганды бир туугандык касиеттен кетирет.

***

Адамдын балачактагы эмгеги сөзгө алынып бааланса, балага чоң кубат. Бала эмгегинен ыракат алат. Эмгеги байкоосуз калган учурда баланын шагы сынат, иштегиси келбей жумуштан качат.

***

Бала кезде учкуч болууга умтулгандык — бул адам дээриндеги кыялынын канатыдыр, анткени адам жаратылышынан бийикке умтулуп жашайт. Көр оокатка басырылып, күлала болууну каалабайт адам. Учкуч болсом дегени, демек, канаттуу куштан кем калбай асманга көтөрүлгүсү келгенидир. Ыр чыгарайын дегени, демек, кыялына канат байлап, ой-санаасын көкөлөтө учурганыдыр. Баланын тилеги — көңүлдүн канатыдыр?! Адам канатсыз жашай албайт.

***

Түңүлсө деле үмүт чиркинге алдана берет экен адам.

***

«Курдаштыктын белгиси: алыстан көрүп ыржаюу» (Алыкул Осмонов)

***

Эпосту айткан манасчылар болбосо, ал өлүү эпоско айланат.

***

Дүнүйөкорлук өзүмчүлдүктү өөрчүтөт. Өзүмчүлдүк күч алган элде ынтымак болбойт, алдым-жуттум өкүм сүрүп, улуттук ар-намыс унутулат. Ал эми ынтымагы жок, ар-намыссыз эл барып-барып эл болуудан калат.

***

Өткөнүбүздү кодуласак, бүгүнкүбүздүн кунары жок, эртеңкибизден урмат болбойт. Өткөндү урматтоо — бул жөн гана мурдагы турмушту эскерүү же ага суктануу эмес, анын сырын түшүнүп, азыркы учурдагы кыйынчылыктардан жол издөө далалаты.

***

Жашоо дайым суроо, түбөлүк изденүү.

***

Тамаша, тамашалашуу — бул ынтымактын, сыйлашуунун белгиси. Тамашанын «жеңили», «салмактуусу» болушу мүмкүн. «Жеңил» болсо деле тамашалашканга не жетсин?! Тамаша — көңүлдү көтөргөн күлкү, жылмаюу. Ал эми көңүл көтөрүлгөн кезде жашоо жеңилдеп, өмүр узарары чын.

***

«Жаңыдан тирденип келатканда, кур намыска жеңдирген обу жок «марттыктын» кажети не? Анте берген адам эзели кедейликтен арылбайт» (апамдын айтканы).

***

Өзүмчүл, карөзгөй аткаминерлерге билимдүү эл-журттун эч кереги жок окшобойбу.

***

Адамдын дээриндеги сапат каны менен кошо айланып, ың-жыңсыз жоголбой жүрө берет.

***

Бөксө «билим» башкаларга жугумсуз, эч кимге кызыгы болбойт.

***

Бири-бирине кош көңүл, кайдыгер эрди-катындын ортосунда гана «сен-мен» дешүү болбошу мүмкүн.

***

Көңүл ооруткан кезде жакшы көрүшүү бүтөт, сүйүү өчөт.

***

Жүрөктү жылыткан сүйүү сакталган жерде издешүү, сагынышуу болот.

***

Билбей бирөөгө сынтагуу, сыртынан баа бычуу — наадандык.

Топтогон: Мээрим Сайдилкан

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM