Connect with us

3-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 2 Июл 2023 | 204 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 3-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +30…+35,

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28,

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 23…25, күндүз 33…35 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM