Биз менен байланышыңыз

Баткенде куралдуу жаңжалда курман болгон чек арачыга эстелик орнотулду

Кыска кабар | 30 Июн 2023 | 371 | 0

Лейлек районунун Мурас айылында Мекенди коргоодо баатырларча курман болгон Жанибек Якубовго эстелик орнотулду. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жанибек Якубов алгач аскерге чакырылып, мөөнөтү аяктаган соң, келишимдик негизде чек ара отрядына калган. Алты жылдан бери ушул тармакта эмгектенип келген. 2022-жылдын 17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда баатырларча курман болгон.

25 жаштагы чек арачынын эрдигин түбөлүк калтыруу максатында айылдаштары эстелик тургузуу демилгесин көтөрүп, Кең-Талаа айыл аймагынын жетекчилиги колдоого алган.

Эстеликтин ачылышына катышкандар Якубовдун баатырдыгын, Мекенди коргоодогу эрктүүлүгүн жогору баалап, ысмы элинин жүрөгүндө түбөлүк сакталарын айтышты .

Жанибек Якубов үй-бүлөдө беш бир туугандын кичүүсү болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM