Connect with us

Президент: «Асманды» курууга катышам деген инвесторлорду кучак жайып тосуп алабыз

Кыска кабар | 30 Июн 2023 | 287 | 0

«Асман шаары – Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү байланыштырган финансылык хаб болуп калат!» Мындай пикирин президент Садыр Жапаров 30-июнда Ысык-Көл облусундагы «Асман» шаарынын курулушунун башталышында сүйлөп жатып белгиледи.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы заман талабынан артта калбай, «акылдуу шаар» куруу долбоору кубаттоого арзый тургандыгын белгиледи. Анын айтымында, бул долбоорду ишке ашыруу менен Ысык-Көлдүн жээгинде инновациялык шаар курулуп, экономикалык жана туристтик борбор болот.

«Бул шаар бүтүп ишке кирип кетсе, бүгүн «Кумтөр» жалпы мамлекетибиздин экономикасын кандай алдыга жылдырып жаткан болсо, «Тамчы» аэропорту менен бул шаар да, бүткүл өлкөбүздүн экономикалык жактан локомотиви болуп, алдыга сүйрөп кетет. Айрым биздин кыска ой жүгүрткөн жарандарыбыз «бул шаарды Баткенге салып койбойт белеңер, баарын эле Көлгө сала бересиңерби?» деген дооматтарын айтып жатышат. Эгер Ысык-Көл Баткен тарапта болгондо, биринчи кезекте бул шаарды Баткенге салдырат элем. Инвесторлор да өздөрүнө ыңгайлуу курорттук аймактарды тандашат экен. Эң негизгиси, кайсы жерибизге салынбасын, бул шаар ар бир кыргызстандык үчүн пайда бере турган, өлкөбүздүн жалпы экономикасын алдыга жылдыра турган Кыргызстандын локомотив шаары болот», — деди ал.

Президенттин айтымында, «Асман» шаарынын долбооруна жана анын курулушунун башталышына өлкө казынасынан бир дагы тыйын кеткен жок.

Ал ошондой эле жалпы инвесторлорго кайрылып, шаар курууга каралган жерден чоң-чоң жер тилкелери бөлүнүп, аларга мамлекет тарабынан 100% кепилдик бериле тургандыгын айтты.

«Долбоорго акчасын салган инвесторлорду мамлекет өзгөчө коргоого алат» деп ишенимдүү кепилдик бере алам. Асман — акылдуу шаарын курууга катышам деген башка дагы инвесторлор болсо, азыр да кучак жайып тосуп алууга даярбыз. Келгиле, биздин уникалдуу долбоорубузга катышкыла, кыялыбызды ишке ашырып, акылдуу шаар куралы. Учурдагы бийлик сиздердин ишиңиздерге эч кимди кийлигиштирбейбиз жана мамлекеттин кепилдигин толук камсыздайбыз», — деди ал.

Президент сөзүнүн аягында акылдуу шаарга олуттуу мамиле кылып, узакка создуктурбай, долбоорду ыкчамдатуунун аракетин көрүүгө сөз берди.

Copyright © 2017 Maral FM