Биз менен байланышыңыз

Асман шаарынын курулушуна капсула салуу иш-чарасы башталды

Кыска кабар | 30 Июн 2023 | 1231 | 0

Бүгүн, 30-июнда Ысык-Көлдөгү Асман эко-шаарынын курулушуна капсула салуу иш-чарасы башталды. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев жана чет элдик инвесторлор катышууда.

Анда Асман шаарынын курулушу боюнча долбоор менен АХХ Investment Group компаниясынын башкы аткаруучу директору Баркат Али видео-презентация жасоодо.

Ысык-Көл райондагы Чырпыкты айылынын карамагындагы жерге салына турган шаардын аянты 4015 гектарды түзүп, 500 миң-700 миң адамдын жашоосуна ылайыкташат.

Асмандын курулушуна алдын ала эсептөөлөр боюнча 20 миллиард доллар сарпталат. Курулуш иштери толугу менен инвесторлордун эсебинен ишке ашырылат.

Алдын ала маалымат боюнча, Асман шаары 10 жылда толук курулуп бүтөт.

Copyright © 2017 Maral FM