Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын 2-сессиясы жабылды.
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынындабир катар мыйзам долбоорлору каралды. Анын ичинен бир топ убакыттан бери талкууланып келе жаткан «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоору парламент тарабынан колдоо тапты. Ал эми 10го жакын мыйзам долбоору артка кайтарылды.
Жыйындын соңунда парламент төрагасы Нурланбек Шакиев сөз сүйлөп, Жогорку Кеңештин жыл ичинде жасаган иштерине токтолуп, аягында депутаттардын алдыдагы эс алуусу жана шайлоочулары менен жолугушуусуна ийгилик каалады.
Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын 2-сессиясы КРнын гимни менен жабылды. Депутаттар эми алдыдагы эки айда жер-жерлерде шайлоочулары менен жолугат. Ал эми 3-сессия 1-сентябрда өз ишин баштайт.