Биз менен байланышыңыз

ЖК депутаттары АКШ элчиси менен жолукту

Кыска кабар | 29 Июн 2023 | 90 | 0

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин “Ишеним” фракциясынын депутаттары Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкка тиешелүү маселелер талкууланды.

Фракция Лесли Вигерини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Муну менен катар парламенттер аралык байланышты чыңдоо зарылчылыгына токтолду. Анын ичинен тажрыйба алмашуу жана биргелешип иш алып баруу маселелерин көтөрдү.

Өз кезегинде, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында эки өлкөнүн алакасын арттырууга басым жасарын айтып, анын ичинен экономика, айлана-чөйрөнү коргоо жана билим берүү жаатында тийиштүү иштерди жүргүзөрүн кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM