Connect with us

Азамат Исмаилов: Ишкерлер үчүн Германияда мүмкүнчүлүктөр көп (видео)

Блог | 27 Июн 2023 | 348 | 0

21-23-июнда Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетти. Бул сапардын алкагында кыргыз-немис ишкерлери чакан чөйрөдө жолугушуу өткөрдү. Ушул кездешүүдө көтөрүлгөн маселелер, эки мамлекеттин соода-сатык, экономикалык кызматташтыгы, дагы ушул сыяктуу жагдайлар туурасында Германиядагы кыргызстандык ишкер Азамат Исмаилов менен маектештик.

— Кыргыз-немис ишкерлеринин жолугушуусунда эмнелер сүйлөшүлүп, кандай чечимдер кабыл алынды?

— Бул жолугушуу көптөн бери пландалып келген. Биз үчүн пандемия жана согуштан кийин мындай сапар абдан маанилүү болду. Германиянын президенти өзү эле келбестен, он алтыга жакын ишкерди ээрчите келди. Алар Кыргызстандагы мүмкүнчүлүктөрдү карап, кандай инвестицияларды кылса болорун изилдеп кетишти. Андан сырткары бир канча келишимге кол коюлду.

Баса белгилей кетишибиз керек, делегациянын курамында биздин мекендеш да келди. Германияда немис компаниясынын 30% акциясын сатып алып, башкы директор болуп иштейт. Жакында толук түрдө сатып алууну максат кылып жүрөт. Президент түзгөн он алты ишкердин арасында бир кыргыз ишкер да бар экени сыймыктандырат.

— Эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгы кандай эле, мындан ары кандай уланат?

— Германиядагы элчилигибиз мунун үстүндө иштеп жатат. Азыркы учурда саясий иштерди жүргүзүү абдан орчундуу болуп турат. Негизги максат: элчилик менен биргеликте экономикалык дипломатияны жакшыртуу. Алдыда ноябрь айында Германияда чоң бизнес форум өткөрүү пландалып жатат. Бул өлкөнүн потенциалы абдан чоң. Германияга ишкерлерибизди чыгарып, ал жактын ишкерлери бизге келсе, экономикага абдан чоң салым болмок. Азыркы тапта Германиянын компаниясы жылдын акырына чейин Кыргызстанда фабрика ачууну пландап жатат. Ал жактан көбүнчө транспорттук жана жол салган компаниялар кызыкдар болуп келип жатат.

— Ал жактан инвестиция келишине Кыргызстандын шарттары ынандыра алабы?

— Азыркы дүйнөдө болуп жаткан саясий акыбал дүйнө жүзүндөгү ишкерлерди изденүүгө түрттү. Биз ушул мүмкүнчүлүктү туура пайдаланышыбыз керек. Ошол жердеги чоң корпорациялар орус базарында абдан чоң мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп келген болсо, бүгүнкү күндө баары жабылды. Ошол үчүн жеке ишкерлерге биздеги болгон мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүшү керек. Кыргызстанда ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп берилген. Мен бир нече өлкөдө ишкердик кылып келе жатам, биздеги 12% салык салуу эч жерде жок. Бул — дүйнө жүзү боюнча эң төмөнкү көрсөткүч.

— Чет өлкөлүк ишкерлерди тартуу боюнча мамлекет тарабынан изилдөөлөр кантип иштелип чыгат?

— Мамлекет тарабынан изилдөөлөр бар. Ар бир ишкер бир мамлекетке келгенде керектүү ишти өзү эле таап алат. Чет өлкөдөгү ишкерлерди бизге кызыктыруунун бир эле жолу: аларды көп-көп конокко чакырып туруу. Себеби тааныбаган адам менен иш кылбагандай эле, мамлекеттер арасындагы мамилелер да ушул сыяктуу. Кандай уюм болбосун, ал жактан ишкерлерди алып келип кыдырта берсек, бул жак менен таанышып алган адам сөзсүз түрдө ишкердик кылат.

Сиз биринчи Украинада ишкердик кылгансыз. Ал жактан Европага барып, иш баштап кетүү кыйынчылык жараткан жокпу?

— Украинадагы согуштан улам Германияга кеткениме бир жарым жыл болду. Ал жакта көптөн бери ишкердик менен алек болгон үчүн Европага чыгам деген пландар жок болчу. Кырдаалга байланыштуу чыгууга туура келди. Европаны изилдегенде эли, айрым нерселери украиндерге окшош болгону үчүн биринчи ферманы Польшада ачтык. Ошол аралыкта ишкерлик менен алек болуп жүргөнүм үчүн абдан көп мүмкүнчүлүктөрдү көрдүм. Атайын Европадан кыргыз ишкерлерди издедик, тилекке каршы, жокко эсе. Ошондон улам бул маселени изилдеп, элчиликке кайрылып, жеке ишкерлер менен жолуга баштадык.

— Германияда иш кылуу үчүн эмнелер талап кылынат? 

— Германияда ишкердик кылуу үчүн тил билүү өтө маанилүү. Алар ошол нерсени талап кылышат. Биз ал жактан тил билген өнөктөштөрдү таптык. Инвестор катарында акчабызды салып, чогуу иш кылып жатабыз.

Эң орчундуусу виза маселеси экен. Элчилик менен ассоциацияларга сунуш киргизип, ишкерлерге атайын статус берүүсүн өтүндүк. Эгер Кыргызстанда беш жылдан ашуун убакыттан бери салыктарды өз учурунда төлөп жаткан болсо, Германияга барып ишкердик кылам десе, бир жылдык визаны жөн эле берүүнү сунуштадык. Ушул кезге чейин жеке өзүмдүн чакырууларым менен он бирге жакын кыргыз ишкерге виза алып бердим.

Эң чоң мүмкүнчүлүктөрдүн бири, Германияда карыялар абдан көп. Алардын бирден же экиден эле балдары болгону үчүн атасынын ишине кызыкпай, улантып кеткенге эч ким жок болуп калат. Анын натыйжасында болор-болбос баага саткандар көп кездешет.

— Германияга бизнес ачууну пландаган чет өлкөлүктөр кандай кыйынчылыктарга учурашы мүмкүн? Дегеле, эмнелерди эске алуу керек? 

— Немистер сенин кандай иш кылып жатканыңды четте байкап турат экен. Эгер жагып калсаң, таанышып, чогуу иш кылууга сунуш киргизет. Андан сырткары бизнесин өткөрүп бергендер толтура. Мен ойлойм, Кыргызстанга инвестицияны ишкерлер тартып келет. Ал эми мамлекеттик деңгээлде барып, «бизге келип иш кылгыла» дегенде көбүрөөк убакытты жана ишенимсиздикти жаратат. Себеби биздин саясатта стабилдүүлүк болбогону үчүн, алар муну изилдеп,  үйрөнүп турат. Мындай абалда ал жактан инвестиция тартып келүү кыйынга турат.

— Ал жакка барган кыргыз ишкерлер кайсы тармакта иш алып барганы ыңгайлуу? 

— Германияда ферма ачуу, иштетүү системалары абдан жакшы отурган. Бизге караганда жайыраак кыймылдайт, бирок өтө ишенимдүү. Мен өзүм ошол жактан компания ачып көрдүм. Бир ферманы ачуу үчүн 25 миң евролук капитал салып, аны иштетип, салыктарын төлөп баштасаң, немистердей эле укуктарга ээ болосуң. Социалдык жактарга жакшы мүмкүнчүлүктөр каралган. Мисалы, иштебеген адамдарга, бизнесинде жоготууга учураган адамдарга мамлекет тарабынан убактылуу жардам көргөзүлөт.

Андан тышкары да көп система калыптанып калган. Жеке изилдөөмдө, кызмат көрсөтүү жагында иш кылса болот. Азыр Европада тейлөө тармагында адам жетишпейт. Биздеги курулуш компаниялар ошол жактагы эски үйлөрдү кароодон өткөрүп, кайра сатса болот. Биринчи барганда эле ал жерден транспорттун түрлөрүн чыгара албайбыз, бирок ушундай чакан нерселерден башташыбыз керек.

Азыркы тапта Польшада да мүмкүнчүлүктөр көп. Ал жактагы өзүм ачкан фермага бир жарым жыл, Германиядагы фермага алты ай болуп калды. Ишкерлер бир эле Германия менен чектелбей, Европанын бир нече өлкөлөрүн изилдеши керек. Андан кийин кайсы өлкө ыңгайлуу болсо, ошол жакты тандап кетсе болот. Ал жакта ишкерлерди колдоо программалары кадимкидей орношуп калган.

— Чет өлкөдөн ивестиция тартуу үчүн Борбор Азия өлкөлөрү менен кайсыл жаатта атаандаш болушубуз керек?

— Алар менен атаандаш болуу үчүн бир эле жол: жалкоолукту ташташыбыз керек. Өзбекстан менен Казакстанды алсак, мамлекет тарабынан колдоолор көп болот. Эгер Европада маанилүү иш-чара болсо, ошол жактан орундарды сатып алып катышууга шарт түзүп берет. Бизде жалпысынан отузга жакын мамлекеттин элчиликтери бар. Ишкерлер элчиликтер менен жакшы иштешүүнү, аларга кайрылууну үйрөнүшү керек. Ошондуктан колубузда болгон мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалансак, коңшу өлкөлөргө туруштук бере алабыз.

— Ушул теманы эле улайлы, биздин ишкерлердин каталарын белгилей кетсеңиз…

— Чет өлкөдөгү ишкердикти көрүп, пайда болгон көз карашым боюнча айта алам. Биздеги эң чоң көйгөйлөрдүн бири: ишкердикте биригүү жок. Андан сырткары башкалардын ийгилигине сүйүнө албайбыз. Бири-бирибизди ийгиликке түрткөндү билишибиз керек. Ошол үчүн ашып турса жардам берет, жетпей турса, кантип жардам бере алсын? Ушул нерселерди гана жеңсек, өлкөбүздө абдан жакшы өзгөрүүлөр болот.

— Германиядагы элчибиз Өмүрбек Текебаев бизнес жаатына да көңүл буруп жатабы?

— Негизи элчиликтерди иштетүү кадрлардан көз каранды. Бизге окшогон ишкерлер түртүп турса, элчиликтер иштейт. Өмүрбек Текебаев мурда саясий фигура болгону үчүн дипломатияга эми бурулду. Бирок ошого карабай, Европадагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү көрүп, өзүнүн Ютуб-каналынан көптөгөн маалыматтарды бөлүшүп жатат. Элчилик бир эле жарандардын эмес, ишкерлердин да көйгөйүн чечиши керек.

— Европа Биримдигине кирген өлкөлөр жөнүндө сөз болгондо эле «жашыл экономика» айтылат. Кыргызстанда бул форум түрүндө эле өтүп, ишке ашыруу чаралары көрүлбөй келет. Бул жаатта кандай кеңеш бересиз?

— Негизи жашыл экономикага болгон тенденция жыл өткөн сайын абдан күчөдү. Орусиядагы кырдаалга байланыштуу жылуулук, газ жаатында абдан көп көйгөй жаралды. Европага Кыргызстандан да көмүр жеткирүүлөр болду. Ошол үчүн Германияда ар бир үйдүн үстүнө Күндөн энергия алуучу батерейкалар коюлуп, мамлекет акчасын берип жатат. Биз да ГЭСтерди эле сала бербей, ошол жакка да көңүл бурушубуз керек. Себеби, мамлекетибиз ошол нерсеге ыңгайланышкан. Бизде акча табуудагы планыбыз бир-эки жылга гана түзүлөт. Ошол нерсени сабырдуулук менен узагыраак убакытка түзүп алышыбыз керек.

— Баса, чет өлкөдө иш баштоону каалагандар эмнелерге даярданышы керек? 

— Кайсы өлкөгө барууну кааласа, ошол мамлекетти терең изилдеп, алар тууралуу үйрөнүп чыгышсын. Ошол өлкөнүн элчилигине кайрылып, маалымат алсын. Андан сырткары барган мамлекетинде элчилигибиз болсо, өзүнүн келгенин, эмне максатта келгенин кабарлап коюшу зарыл. Себеби эртеңки күнү эмне болорун билбейбиз. Биздеги катачылык кабар бербей коёбуз да, кокустук болуп кетсе, элчиликти күнөөлөйбүз. А элчиликтин ал адам жөнүндө такыр кабары жок болот. Ошондуктан ушуга окшогон иштерди бүтүрүп, анан чыкканы жакшыраак.

— Маегиңиз үчүн ырахмат!

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM