Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарлашты.
Жер титирөө бүгүн саат 03:08де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Сузак районунун Таралча, Канжыга айылдарында — 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.