Биз менен байланышыңыз

Курман айтта эмнелерди эске алуу керек? (тизме)

Блог | 26 Июн 2023 | 1430 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 28-июнь Курман айт экенин жарыялады.  Курман айт — элдин биримдигин бекемдеп, кайрымдуулугун арттырган жана ак ниеттүүлүккө, кечиримдүүлүккө, кең пейилдүүлүккө чакырган майрам.   

Айт күнү эмнелерди эске алуу керек?

— Айт күнү жуунуп-тазаланып (гусул алып), мусулманчылык адепке ылайык жасанып, жагымдуу атыр себиниңиз.

— Адатта Курман айт намазына ачка баруу жакшы амалдардын бири болуп эсептелет.

— Айт намазына баратканда Жаратканды эстеп, ой жүгүртүп, Анын улуулугуна таазим кылып, тилектериңизди кобурап кайра-кайра айткандан тажабаңыз.

— Айт намазын өз каадасы менен аткарууга тырышыңыз. Намаздан кийин айт кутбасын кунт коюп угуңуз, жамаат менен кошо дуба кылууну жадыңыздан чыгарбаңыз.

— Айт намазы бүткөн соң, жакындарыңызды чын дилден куттуктаңыз, жакшы көрөрүңүздү билдириңиз. Алыстагы жакындарыңызды телефон аркылуу куттуктаганды унутпаңыз. Өзгөчө ата-энеңизди кубантуунун эң сонун мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз.

— Курмандык чалуу жайына сөзсүз барыңыз. Өзүңүздүн атыңызга союла турган курмандыкты өз колуңуз менен чалганга аракет кылыңыз. Анте албасаңыз, оозунда келмеси бар мусулман кишинин сиздин атыңыздан курмандыкты мууздашына уруксат берилет. Балагатка жеткен ар бир пенденин курмандык чалуусу биздин ханафий мазхабында важиб болуп эсептелет.

— Курмандыкка атаган малыңызды айт намазынан мурун чалып, жаңылып калбаңыз. Курмандык айт намазынан кийин чалынат.

— Курмандыкка чалына турган малыңыздын, тагыраак айтканда, кой, эчки, уй, төөнүн төрт мүчөсү түгөл болууга тийиш. Ал боюнча тийиштүү диний кызматкерлерден сурап, тактап алыңыз. Курмандык чалууда пенденин ниети өтө маанилүү экенин эстен чыгарбаңыз.

— Курмандыктын этин үч бөлүккө бөлүнүп, анын эки бөлүгү муктаж жарандарга, жарды-жакырга, жетим-жесирлерге таратылуусу зарыл.

— Курман айт майрамы үч күнгө созуларын, тактап айтканда 28-июндан баштап, 30-июнь күнү асыр намазына чейин уланарын билип алыңыз. Мына ушул үч күндүн ичинде важиб курмандыктарын чалып, таратсаңыз болот.

Айт майрамы – сиздин майрам!

Курман айтта үй-бүлө мүчөлөрү, дос-жарлар, тууган-уруктар, жоро-жолдоштор бири-бирине куттук айтып, белек-бечкек берүү каадасын жайылтуулары зарыл. Коломтодо сөзсүз казан асылып, курмандык этинен даамдуу тамак-аш жасалып, дасторкон жайылып конок күтүү абзел. Өзгөчө жаш балдарга таттуу таратып, аларга чыныгы майрамдык маанай тартуулоо керек.

Сейитбек Идирисов

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM