Биз менен байланышыңыз

25-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 24 Июн 2023 | 97 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 25-июнга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын көпчүлүк аймагында өткүн өтүп күн күркүрөйт.

Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Таластын тоолуу райондорунда өткүн өтүп күн күркүрөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27.

Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүшү мүмкүн, күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +31…+33 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM