Connect with us

«Бишкек суу-каналдын» башчысына сөгүш жарыяланды

Кыска кабар | 22 Июн 2023 | 194 | 0

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында муниципалитетте пландык кеңешме өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө шаар мэри «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын башчысы Таалайбек Орозовго жана Ленин районунун акими Мураталы Тагаевге таза суу менен камсыздоо иштерин туура эмес жүргүзгөнү үчүн сөгүш жарыялады.

Кеңешменин жыйынтыгында мэр орун басарларына жана шаардык кызматтардын жооптуу жетекчилерине скважиналарды бургулоо, жолдорду жана тротуарларды куруу иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Эскерте кетсек, буга чейин Арча-Бешик конушунун жашоочулары эки жумадан бери ичүүчү суусуз калганын айтып арызданышкан. Ошондой эле Бишкекте жана шаар четинде суу менен камсыздоодо көйгөйлөр жаралып, түнкүсүн чектөөлөр коюлган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM