Биз менен байланышыңыз

Руслан Казакбаев Кыргызстандын Израилдеги элчиси болуп дайындалды

Кыска кабар | 22 Июн 2023 | 167 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарындагы резиденциясы менен айкалыштырган абалда Кыргызстандын Израилдеги элчиси кызматын да аркалай турган болду.

Казакбаев былтыр ноябрь айында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалган.

Ал эми 2020-жылдын 14-октябрынан 2022-жылдын 22-апрелине чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министри кызматын аркалаган.

Руслан Казакбаев 1967-жылы 18-майда Талас облусунун Бейшеке айылында туулган.

1991-жылы Фрунзе политехникалык институтун, 2002-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. Кыргыз Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангына ээ.

Эмгек жолу:

1992-1994-жылдары – КР улуттук илимдер академиясы;

1995-1996-жылдары – КР ТИМинин консулдук башкармалыгынын үчүнчү катчысы, экинчи катчысы;

1996-1999-жылдары – Кыргызстандын Стамбул шаарындагы өкүлчүлүгүндө вице-консул;

1999-2005-жылдары — КР ТИМинин консулдук кызматынын кеңешчиси, бөлүм башчысы, башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, жетекчиси;

2005-2008-жылдары — Стамбул шаарында башкы консул;

2008-2009-жылдары — тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

2010-жылдын апрель айынан 2012-жылдын сентябрь айына чейин — тышкы иштер министри.

2015-жылы «Республика – Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болуп шайланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM