Биз менен байланышыңыз

Суваналиев: Мадумаровго байланыштуу иштер саясий багытта жүрүп жатат

Блог | 22 Июн 2023 | 421 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун кол тийбестигин алуу боюнча Башкы прокурордун сунушун караган комиссия ишин аяктап, корутундусун парламенттин жалпы жыйынына алып чыкты. Маалыматка ылайык, жабык жыйында Мадумаровду жоопко тартууга 17 депутат «каршы», 61 депутат «макул» добуш берген. Адахан Мадумаровду жоопко тартуу менен эмне өзгөрөт? Бул суроолордун айланасында саясатчы Өмүрбек Суваналиев менен маектештик.

— Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду жоопко тартууну Жогорку Кеңешке экинчи ирет сунуштап жатат. Өткөн жылы депутаттар аны жоопкерчиликке тартуудан баш тартышкан. Учурда Мадумаровдун саясаттагы орду кандай жана аны камакка алуу менен эмне өзгөрөт? 

— Кыргызстандын саясатында Мадумаровдун чоң орду бар. Анткени ал — тажрыйбалуу саясатчы. Ал мурдагы президенттердин баарына оппонент болуп келген. Президенттик шайлоолордо экинчи орунду алып, саясий күчтүү атаандаш болуп келген. Ошол эле учурда ал өзүн жана фракциясын «оппозициячыл» деп жарыялаган жалгыз оппозиция. Өткөн жылы да ушинтип Башкы прокуратурадан парламентке сунуш түшүп, аны чочутуп коёлу дешкен «эскертүү» иретинде. Азыр Мадумаровго катуу киришти. Анткени андан Министрлер кабинети, министрлер тажап, президентке чейин арызданышты. Алар Мадумаровдун аброй алганын көрө албай жатышат. Ошондуктан азыр ошондой жол менен жоопкерчиликке тартууга алып келип жатышат. Эмне себептен? Мунун юридикалык жагы дагы бар. Анткени «Кемпир-Абад иши боюнча камайбыз» дешсе, ошол массалык камоо учурунда камаш керек болчу. Эми бүгүн Кемпир-Абад иши боюнча соттук кароо башталганда, Жогорку Кеңеште да Мадумаровдун кол тийбестиги каралды. Мунун баары жөн жерден эмес, бардыгы саясий багытта жүрүп жатат.

—  Мадумаров Кемпир-Абаддын берилишине каршы чыккан, Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын мыйзамсыз абакта жатканын сындаган. Бүгүн депутаттар аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Эми анын тарапташтары кандай реакция жасашы мүмкүн?

—  Кыргызстандагылар гана эмес, чет өлкөдөгү укук коргоочулар менен саясатчылар да Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар тууралуу терс комментарий берип, саясий иш деп баалашкан. Ошол эле учурда кыргызстандыктар бул иштин саясий иш экенин жакшы билет. Ошого жайдын ушундай ысыгында чечим чыгарып жатышат. Анткени Кыргызстанда эл талаптарын кайсы учурда айтып чыгарын билет. Мен ошондуктан атайын күндүн ысыгында ушул маселени алып келишти деп ойлойм. Бирок Мадумаровдун электораты чоң, алар эч нерсе кылбаган күндө деле коомчулуктун пикирин жаратып, социалдык тармактарда, ЖМКларда маалыматтык жактан бийликти утуп алат.

—  Мадумаров парламенттен кетсе, Жогорку Кеңештин келечеги кандай болот? Анткени ал парламентте мыйзам бузуулардын ар бирин айтып, коомчулукка түшүндүрүп берип жатты эле…

—  Депутаттар башынан эле «биз талтайып турабыз» деп айтпады беле. Ошентип «талтайып» туруп, тарыхтагы эң начар парламент болушат. Жөн гана өзүн пиар кылуу менен алек болушуп, добуш берүүгө келгенде, кандай буйрук же тапшырма келсе, ошонун баарын аткарышат. Жакыда эле «Ата журт — Кыргызстандан» Бакыт Сыдыков интервью берип, анда ал: » Камчыбек Ташиев менен кеңешип турабыз, аны Кудайыбыздай эле көрөбүз», — деп ачык эле айтпадыбы. Парламенттеги чоң партиялардын бири «Ишеним» — Арзыбек Буркановдун партиясы, «Ынтымак» партиясы деле — бийликчил. Калган бир мандаттуу округдардан келген депутаттар ошол бийликчил партияларга кошулуп кетишкен. Ошондуктан азыр Мадумаровдун парламенттен кеткени чоң жоготуу болот.

— Маегиңиз үчүн ырахмат!

Copyright © 2017 Maral FM