Биз менен байланышыңыз

Адис өлкөдөгү суу тартыштыгын чечүү жолдорун сунуштады

Блог | 22 Июн 2023 | 537 | 0

Өлкөдө ичүүчү жана сугат суу тартыштыгы чечилбеген көйгөй бойдон калууда. Буга чейин Жогорку Кеңеште суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга байланышкан маселелерге көңүл бурулуп, борбор шаардын жаңы конуштарында суу жетишсиздигине алып келген факторлор каралган. Анткени менен маселе дале чечиле элек. Өлкөдө суу эмне себептен тартыш болууда жана анын чечүү жолдору тууралуу «Кыргызленд» экспортчулар жана импортчулар ассоциациясынын президенти Ленара Ниязбекова менен маек курдук.

— Өлкөдө эмне себептен суу тартыштыгы жаралууда?

— Суу маселеси биринчи жылы пайда болуп жаткан жок. Жыл сайын жаздын акыркы айларында жана жайдын башында сөзсүз суу көйгөйү болот. Биринчи себеби: сууну мамлекеттик деңгээлдеги башкаруу системасы жок. Сууну ким башкарат бүгүнкү күндө? Суу пайдалануучулар ассоциациясы (СПА) башкарат. Ошолордун башкаруусунда болгондуктан бүгүн суу системасы бүдөмүк бойдон калууда. Биздин тиешелүү министрликтерде бул жаатта бир багыт бар. Бирок ошол багыт менен суу пайдалануучулар ассоциациясынын ортосунда канчалык туруктуу кызматташуу бар экени белгисиз. Бүгүн аны дыйкандар да билбейт. Кимиси башкарып жатканы белгисиз бойдон калууда.

— Коңшу мамлекеттерге суу берүү өлкөдөгү тартыштыкка канчалык таасир этүүдө?

— «Коңшу мамлекеттерге суу берип жаткандыктан тартыштык жаралып жатат» деген сөздөр да болууда. Бирок мунун канчалык реалдуу экенин эч ким так айта элек. Бул жерде коңшу мамлекеттерди жөн гана шылтоо катары айтып жатабыз. Чындыгында Кыргызстандын ичиндеги ирригациялык система 30 жылдын ичинде бир туруктуу багытка келе элек. Суу — мамлекеттин стратегиялык багыты.

— Кыргызстанда сууну башкаруу системасы кандай жүрүп жатат?

— Стратегиялык багыт болгон сууну кайсы бир ассоциацияга берип коюу — кандайдыр бир жеке кызыкчылыктар, кандайдыр бир коррупциялык схемалар, башка капчыктарга акча кетүү процесстери. Бул нерсени биринчи жылы айтып жаткан жокпуз. Ушул тема ушул мезгилде дайыма көтөрүлөт. Бул маселени бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлде колго алып, катуу көзөмөл болмоюнча актуалдуу боюнча кала берет.

— Бүгүнкү күндө ирригациялык системада кандай көйгөйлөр бар?

— Бизде ирригациялык система ордуна келген жок. Сөз түрүндө эле көп нерселерди айтып жатабыз, бирок иш жүзүндө эч нерсе өзгөргөн жок. Каналдар тазаланбаган бойдон, кандайдыр бир суулар коромжуга учураган бойдон турат. Арыктар боюнча да кеп жок. Анткени сугат учурунда дыйкандардын ортосунда абдан көп чатак чыгат. Чыр-чатакка көңүл бурулат да, арыктарга көңүл бурулбайт. Ирригация маселесин чечүүнүн ордуна дайыма шылтоо издөө менен убарабыз. Бир жылы мөңгү эрибей калган болот, бир жылы кар жаабай коёт, бир жылы дагы башкасы, айтор, бул тармакка жооптуу тараптар жылда шылтоо издөө менен убара.

— Өлкөдөгү суу тартыштыгын кандай жолдор менен чечүү керек?

— Суу боюнча стратегия ачык, суунун жоопкерчилигин ким алары так болушу керек, кайсы бир ассоциация жетектебеши кажет. Ошондой эле кайсы бир ассоциациянын эркинде калтыруу да туура эмес. Суу пайдалануучулар ассоциациясын алып караганда, ал — кайсы бир топтордун гана биримдиги. Ошондуктан бир ассоциациянын колуна таштап койбоо керек. Миллиарддаган акчалар, ирригацияга бөлүнгөн каражаттар максаттуу түрдө колдонулушу зарыл. Бөлүнгөн акчалар бүгүнкү күндө кайда кетти? «Сууга жумшалып жатат» дешет. Анда эмне үчүн ушул убакка чейин суу көйгөйү чечилбей жатат?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM