27-июнда «Бурана» археологиялык-архитектуралык комплексинин аймагында «Тайган Фест» эл аралык этнофестивалы өтөт. Бул тууралуу Туризм департаменти кабарлады.
Иш-чаранын максаты: улуттук мурастын элементтерин сактоо, туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, жаңы туристтик өндүрүштү, кызматтарды жана маршруттарды түзүү.
«Тайган Фест» этнофестивалынын алкагында көргөзмөлөр, жарманкелер, улуттук оюндар, аркан тартыш, тайган жарыш жана концерттик программа уюштурулат. Ошондой эле тайгандын сырткы көрүнүшүн жана иштөө сапаттарын баалоо боюнча «Тайган чубатуу» кинологиялык көргөзмөсү уюштурулуп, анын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр аныкталат.
Иш-чара Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти, Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, «Жаштар өнүктүрүү ресурстары» коомдук фонду жана «Кыргыз тайган клубу» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда.