Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 96-сезонун Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей» драмасынын негизинде сахналаштырылган «Төлгө» спектакли менен жабат.
Бул тууралуу аталган театрдан кабарлашты. Спектакль 20-июнда саат 18:30да коюлат.
Кыргыз улуттук академиялык драма театры 96-театралдык сезондун ачылышын да ушул эле спектакль менен баштаган.