«Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупциялык схемага тиешеси бар» деген шек менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин мурдагы орун басары И.Б.М., министрликтин Чүй облустук башкармалыгынын азыркы директору К.Т.К. кармалды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлагандай, министрликтин кызматкерлерине жана Жаратылышты өнүктүрүү фондунун жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-берененин 1-бөлүгү (коррупция) менен иш козголду.
Долбоорлорду кароо жана аларды бюджеттен каржылоо боюнча эксперттик комиссиянын туруктуу мүчөсү К.Т.К. 15-июнда «Ак-Жол» көзөмөлдөп өткөрүү пункту аркылуу өлкөдөн чыгып баратканда, долбоорлорду тандоо жана комиссиянын кароосуна коюу эксперттик комиссиянын мурдагы катчысы И.Б.М. 18-июнда «Манас» эл аралык аэропортунан кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Айтылган адамдар, тагыраагы, комиссия мүчөлөрү бюджеттик акчаны өздөрү үчүн гана пайдалуу болгон, мамлекетти зыянга учурата турган долбоорлорго жумшап, натыйжада бириккен чарбаларга өзгөчө ири өлчөмдөгү каражаттар мыйзамсыз бөлүнүп, эсептен чыгарылган.
Учурда бул ишке башка тиешеси бар башка адамдарды иликтөө, келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо чаралары жүргүзүлүүдө.