Биз менен байланышыңыз

Карындашын коргоп, ок аткан адам үч жылга эркинен ажыратылды

Кыска кабар | 20 Июн 2023 | 685 | 0

Чүйдө карындашына ыдык көрсөткөн айдоочуга ок чыгарган жаран үч жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Чүй райондук соту 19-июнда чыгарганын жактоочу Кайсын Абакиров кабарлады.

Анын маалыматына караганда, Сухраб Жумакуловго Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) 2-бөлүгү (бейбаштык максатта) жана 267-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча айып коюлган. Сот чечиминде ал беренелер 123-беренеге (аффект абалында адам өлтүрүү) алмаштырылды.

2022-жылы 1-июлда саат 08:30 чамасында милицияга Бишкек – Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында эркек кишинин октон жаракат алганы боюнча маалымат түшкөн.

Ыкчам тергөө тобу айтылган дарекке келип, 1975-жылы туулган И.Р.нын сөөгүн табышкан. Ал тез жардам кызматы келгенге чейин октон алган жараатынан каза болгон.

Маалыматка караганда, 1989-жылы туулган жаран Ж.А. болжол менен саат 07:45те Токмоктун аялдамасынан таксиге отурган. 1975-жылы туулган И.Р. аттуу жаран рулда болгон.

Айдоочу жолдон унааны токтотуп, кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө аракет кылган. Кыз унаадан түшүп, агасына чалып, окуя тууралуу айтканга үлгүргөн. Андан кийин ал ошол учурда жүргүнчүнү түшүрүү үчүн токтогон башка унаага түшүп кеткен. Айдоочу ал унааны кубалап жетип, жолду тосуп эч себепсиз кызды кармап сабап, унаадан түшүрүүгө аракет кылган. Ошол учурда кыздын агасы келип, окуяны көрүп, айдоочуну травматикалык тапанча менен атып жиберген.

Кийин ага кылмыш иши козголгон. Карындашы агасынын ишинин калыс тергелишин жана аны үй камагына коё берүүнү суранган.

Copyright © 2017 Maral FM