Биз менен байланышыңыз

Райондук сот Жеңиш Разаковду үй камагына чыгарды

Кыска кабар | 19 Июн 2023 | 222 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 16-июндагы чечими менен мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Тергөөчү айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнүч келтирген, соттун чечими менен Жеңиш Разаковго карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тергөөнүн мөөнөтү бүткөнгө чейин, башкача айтканда, 24-июнга чейин үй камагына өзгөртүлдү.

Ички иштер министрлиги 2022-жылдын 20-сентябрында Б.А. аттуу жаран мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго чара көрүп берүүнү суранып, ИИМдин Тергөө кызматына арыз жазганын кабарлаган. 

Арызда 2017-жылдын ноябрь, декабрь айларында ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп 1 000 000  АКШ долларын алып бербей койгону көрсөтүлгөн. 2022-жылдын 1-октябрында ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) менен иш козголгон.

ИИМдин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 24-январында Жеңиш Разаков кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айып тагылган. 

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 24-февралга чейин №1 тергөө абагына камакка алынган. 

Copyright © 2017 Maral FM