Биз менен байланышыңыз

Финляндиянын эң мыкты университетине 100% гранттык негизде окууга өткөн Мария

Блог | 19 Июн 2023 | 414 | 0

Кыргызстандык Мария Сергеева Финляндиянын эң мыкты Tampere университетине 100% гранттык негизде окууга өттү. Эми ал бакалавр менен магистратураны чогуу окуса болот. Аталган жогорку окуу жай дүйнөдөгү 300 мыкты университеттин катарына кирет. Мария «Маралга» эмне себептен бул мамлекетти тандаганын, ал жакта кайсыл факультетке тапшырарын айтып берди.

Сапаттуу билим берген, коопсуз мамлекетти тандадым

Бишкек шаарында төрөлүп, чоңойгом. 11-классты борбор калаадагы мектептердин биринде бүтүрдүм. Көптөр барууну кыялданган Америкага барып, бул өлкө мен үчүн эмес экенин түшүндүм. Европадагы билим жогорку сапатта жана англис тилинде окутулат. Мен тандаган университет Финляндия мамлекетинде жайгашкан. Бул өлкөдө мени кызыктырган нерселер: коопсуздук, таза аба жана кооз табият. Мен тандаган университет дүйнөдөгү эң мыкты билим берүү системаларынын бирине ээ, студенттердин социалдык абалына карабастан, баарына бирдей билим алуу мүмкүнчүлүгүн кепилдейт. Tampere университети дүйнөлүк деңгээлдеги окуу жайлардын рейтингинде жогорку орунду ээлейт. Дал ушул университетте «Административдик илимдер, туруктуу шаарды өнүктүрүү» окуу программасы бар. Бул факультетти аяктагандан кийин архитектор болуп иштеп, заманбап имараттардын долбоорун чие алам.

Окууга өтүү үчүн мектептен даярдана баштагам

10-классты аяктагандан кийин «Келечектеги лидерлердин мектебине» бара баштадым. Чет өлкөдөгү окуу жайларга өтүү үчүн эл аралык IELTS/TOEFL, SAT экзамендеринин жыйынтыгы жакшы болушу керек. Ошондой эле шыктандыруучу кат (хорошее мотивационное письмо) жана мектепте кандай  баага окуганың каралат. Ал эми англис тилин 4-класстан үйрөнө баштагам. Мындан сырткары окуу жайга өтүүгө ыктыярчы болгонум, бий жана ушул сыяктуу класстан тышкаркы иш-чараларга катышып жүргөнүм да чоң жардам берди. «Өтөмбү, өтпөй каламбы?» деген санааркоо болгон. Ага карабай окууга мүмкүн болгон бардык мамлекетке тапшырууга аракет кылдым. Финляндияга өткөндө аябай сүйүндүм.

Кесип тандоодо көпкө чейин ойлондум

Биология жана химия сабактарым жакшы эмес болгондуктан дарыгерлик кесипти тандабадым. Тилчи болгум келген жок, себеби тилчилердин айлыгы мени канааттандырбайт. Физика, математика, информатиканы да жактырбайм. Буга байланыштуу «программист да болбойм» деп, кайсы кесип калганын издей баштадым. Мага сүрөт тартуу, дизайн менен иштөө, архитектура жагат. Бул илимди терең түшүнүп, балким окумуштуу болгум келген. Бирок ал оюмдан баш тарттым. Андан кийин архитектурага тиешелүү нерселерди изилдөөнү уланттым. Ага байланыштуу адистиктерди кылдат изилдеп чыгып, өзүм үчүн идеалдуу вариант таптым. Шаарларды жана инфраструктураны туруктуу өнүктүрүү багытына токтолдум. Туура тандоо жасаганыма ишенем.

Экзамен тапшыруу оор болгон жок

Окууга кабыл алууда инновациялык кат жазуу оор болду. Бирок Финляндия үчүн ал зарыл эмес. Катыңа жашоодогу маанилүү окуялар камтылышы керек. Ал эми экзамен тапшыруу кабыл алуунун маанилүү бөлүгү болгону менен мен үчүн оорчулук деле жаратпады. «Күн сайын окуп, даярданганым жемишин берди» десем болот.

Ата-энем, жакындарым мен үчүн кубанычта болушту

Буга чейин «экономикасы жакшы өнүккөн өлкөдө өз алдынча жашоо куруу үчүн ата-энемден алыстасам» деп кыялданчумун. Чет жердеги мегаполисте жашап, көз карандысыз болгум келет. Чет өлкөдө окуу — мен үчүн эң сонун жетишкендик. Ата-энем аябай кубанышты. Кичинемден эле кыялдарымды ишке ашырууга түрткү беришти. Канчалаган каражат жумшап, керектүү сабактардын баарын окуума шарт түзүштү, чет өлкөдө окууга өтүшүмдү колдошту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM