Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Орусиянын адам укуктары боюнча өкүлү Татьяна Москальковага видеобайланышка чыкты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар Кыргызстан менен Орусиянын жарандарынын укуктарын эл аралык жана жалпы таанылган ченемдердин негизинде коргоо боюнча кызматташтыкты күчтөнтүүнү талкуулашты. Айрыкча Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын, ошондой эле Кыргызстандагы орусиялыктардын укуктарын коргоо боюнча пикир алышты.
Орусиядагы мыйзам боюнча паспортун жоготуп алганын убагында эскертпеген мигранттар өлкөдөн күчкө салынып чыгарылат. Татьяна Москалькова ушул мыйзамга өзгөртүүлөрдү, тагыраагы, жогоруда айтылган жагдайлар болгон учурда административдик айып пул төлөп, өлкөдө калтырууну сунуштап жатканын маалымдады.
«Бизге Кыргызстандын жарандарын Орусиядан чыгаруу жөнүндө кайрылуулар көп келет. Кыргызстандын айрым жарандарын Орусияда калтырууга биз көмөк көрсөттүк. Биздин мыйзамдарга ылайык, паспортун жоготуп алганын өз маалында эскертпеген адам милдетүү түрдө өлкө чегинен мажбурлап чыгарылат. Башка жолу жок. Буга байланыштуу мен мындай бузуулар болгон учурда адегенде административдик айып пул салып, өлкөдө алып калууну, ага да болбосо, өлкөдөн чыгарууну сунуштап жатам. Документти Юстиция министрлиги карап жатат. Мындай чаралар мигранттарга айып пул төлөп, өлкөдөн чыгарылбастан, Орусиянын аймагында андан ары жүрүүсүнө көмөк болмокчу», — деген Москалькова.
Жыйынтыгында тараптар Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого байланыштуу бир нече маселелерде ич ара макулдашууга жетишти. Андан тышкары адам укуктары жаатында Орусиянын мыйзамдарын билип, мигранттарга жардам бере турган ыктыярчыларды даярдоо боюнча сүйлөшүштү.