Биз менен байланышыңыз

Чет жерге ишке жөнөткөн компания менен келишим түзүүдө эске алуучу жагдайлар

Блог | 16 Июн 2023 | 583 | 0

Акыркы мезгилде чет өлкөдөн жумуш таап берген ортомчу компаниялар көбөйдү. Ошол эле учурда же акчадан жок, же чет өлкөдөгү иштен жок калгандар да арбып баратканы байкалууда. Жөнөткөн компания менен келишим түзгөндөрдүн айтымында, бир тайпада 15-20 адам окуса, алардын ичинен 5-6 гана жаран ишке орношот. Мындан сырткары ишканалар кайрылгандардын баарын жумушка жөнөтүүгө убада берет. Чет жакка жумушка жөнөткөн компаниялар менен келишим түзүүдөн мурун эмнелерди эске алуу керек? Бул жаатта биз юрист Бексултан Осмонов менен маектештик.

— Чет өлкөгө жумушка жөнөткөн компанияларды кантип тандаса болот?

— Бүгүнкү күндө Кыргызстанда чет жакка жумушка орноштурган компаниялар кайсыл жакка жөнөтсө, ошол жактын тилин үйрөтүп жатышат. Бүгүнкү күндөгү мыйзамга ылайык, чет өлкөлөргө жумушка жөнөтүү үчүн кетире турган ишкананын лицензиясы болушу шарт. Уруксат кагазы болушу керек. Мындан сырткары чет тилди үйрөтүп жатышса, окутуу боюнча да лицензиясы болушу керек.

— Ишкана менен келишим түзүүдө эмнелерди эске алуу керек?

— Келишимге кол коюудан мурун жаран келишимдин бардык түзүлүшүн окуп чыгышы керек. «Ким менен келишим түзүлүп жатат, компаниянын кандай милдеттери бар, жарандын кандай милдеттери бар, кайсы учурда акчаны төлөйт, кайсы учурда акчаны кайтарат, тил үйрөтөбү?» деген сыяктуу бардык жагдайды келишимден окушу керек. Бардыгын текшергенден кийин, алдамчы эмес экенин так билгенден кийин гана келишимге кол койсо болот.

— Жаран кайсы учурда компаниядан акчасын талап кылса болот?

— Кайсы бир учурда акчаны кайра кайтарып берүү керек болсо, жаран да ак ниет болуп, окуп, тил үйрөнүп, кайра акчамды кайтарып бергиле дебеши керек. Компания өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда гана акчаны кайтарып берүү талабын койсо болот. Эгер ишкана «ушул убакытта ушундай программаларды өткөрүп беребиз, окутабыз» деп туруп аткарбай койсо, акчаны талап кылуу керек. Кол коюп жаткан жаран да жооптуу болушу керек. Компаниянын да чыгымга учураса, кайсы бир бөлүгүн кармап калууга укугу бар. Мындан сырткары жаран талаптардын баарын аткарып, бирок иш берген компания кабыл албай койсо, анда ортомчу компаниянын тиешеси жок.

— Компаниялар чет жакка жумушка жөнөтүп жатканда эмнелерди эске алышы керек?

— Компаниялар жарандарга «сөзсүз түрдө жумушка орноштурабыз» деген убада бербеши керек. Себеби алар жөн гана жумуш таап беришет. Ал эми жумушка орношо турган адамдар талаптарга туура келсе, жумуш берген ишканалар кабыл алышат. Мисалы, тилди үйрөнүп туруп, тажрыйбасы жетпей же билими жетпей калса, чет өлкөлүк компания жумушка албай коюшу мүмкүн. Ошондуктан компания андай убада бербеши керек.

Copyright © 2017 Maral FM