Биз менен байланышыңыз

«Көрдүңүзбү, Камчыбек Кыдыршаевич кандай иштеп жатат?». Депутат маданият министрин сындады

Кыска кабар | 16 Июн 2023 | 440 | 0

Жогорку Кеңештин «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын 16-июндагы жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев өлкөдөгү маданий мекемелердин абалын сындады.

Ал Бишкек шаарындагы «Пионерлер үйүнүн» акыбалын мисал келтирип, сүрөттөрү менен көрсөттү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовго кайрылып, аймактарга барбаса да, борбордогу имараттарды оңдоого чакырды.

Депутаттын маалыматына караганда, министрликтин жалпы бюджети 6 млрд 239 млн 947 сомду түзөт. Бирок акча аз бөлүнөт.

Министр маданият мекемелеринин имараты чынында начар экенин, оңдоо үчүн бюджеттен бөлүнгөн каражат жетишпесин айтты.

«Каалоо болсо жасаса болот, эмне деген артисттер бар, бир чыгып ырдаса, 200 долларга ырдайт, бир чыгып бийлесе, 300 долларга бийлейт. Динара Акулова, Фарида Карбозова же Бек Борбиевди чакырып айтсаңыз болот, «ай, ушуну оңдоп коёлу» десеңиз жөн эле алып келип, шыбатып коймок», — деди депутат.

Токторбаев мындан тышкары өлкө боюнча 1068 китепкана болсо, анын 202си оңдолуп, 8 млн 744 миң сом бөлүнгөнүн, ар бирине 43 миң сомдон туура келгенин, бирок бул сумма өтө аз экенин айтып, мекемелерди оңдоо үчүн бюджет талап кылууну, өкмөт башчыга, депутаттарга кайрылууну сунуштады.

«Мен билем, филармонияда 35-40 жылдан бери комуз чертет, кыл кыяк тартат, бири да наам ала элек. Жарым жылаңач, фонограмма менен ырдагандарга наам бересиңер. Сиз спортту билбейсиз, маданияттын өкүлүсүз, пенсияга чыкканча иштеңиз. Бирок сиздин учурда жасалган иштер болушу керек. Көрдүңүзбү, Камчыбек Кыдыршаевич кандай иштеп жатат? Бирок ал түбөлүк иштебейт да, балким беш жыл, балким бир жыл иштейт, кандай имараттарды куруп, элге кызмат кылып жатат», — деди Токторбаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM