Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги мейманканалардын биринен өрт чыкты (видео)

Кыска кабар | 16 Июн 2023 | 231 | 0

Бүгүн, 16-июнда Бишкектеги мейманканалардын биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Такталган маалымат боюнча тилсиз жоодон жабыркагандар жок.

Бишкек шаарынын Чынгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан «Причал -24» мейманканасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 04:53төн баштап үч куткаруу тобу тартылган. Өрт саат 05:33тө чектөөгө алынып, саат 08:20да толук өчүрүлгөн.

Тилсиз жоонун болжолду аянты 300 чарчы метрди түзүп, жыгач устундуу калай менен жабылган чатыры, жыгач жасалгасы жана эмеректер күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM