Биз менен байланышыңыз

Абдысадык: Монголия билимге өтө маани берген, тез өнүгүп жаткан өлкө

Блог | 15 Июн 2023 | 1462 | 1

Абдысадык Мирзаев учурда Монголиянын Эрденет шаарында монгол окуучуларын чет өлкөдөн окууга даярдоо тармагында эмгектенет. Өзү Баткен районунун Бужум айылында туулуп-өскөн. Абдысадык Мирзаев «Маралга» Монголиядагы жумушу, бул өлкөнүн өзгөчөлүктөрү, жетишкендиктери тууралуу кызыктуу маек куруп берди:

— Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз… 

— Аты-жөнүм: Мирзаев Абдысадык Дубанаевич. Баткен районундагы Бужум айылында туулуп-өскөм. Ата-энем кичине кезимден эле илим-билим алышыма өтө маани берип келет. Башталгыч классты Москва атындагы мектепте окуп, кийинки эки жылды Бужум гимназия-мектебинде, анан 7-класстан баштап Кадамжайдагы кыргыз-түрк «Семетей» лицейинде уланттым. Жогорку билимимди Бишкектеги Эл аралык «Ала-Тоо» университетинин англис тили жана адабияты факультетинде алдым.

Сүрөт Абдысадык Мирзаевдин жеке архивинен алынды

— Монголияга кандайча барып калдыңыз?

— Кыргызстанда иштеп жүрүп, чет өлкөдөн иштегенге ниет кылып, даярданып жаткан кезим болчу. Монголияга жакшы мүмкүнчүлүк чыгып калып, резюме тапшырсам, шарттары жана карьердик өсүү планы боюнча жакшы жумуш сунушташты. Ошентип бул жакка келип, отурукташып калдым. Монголияда 2019-жылдан бери жашап, иштеп келем. Бул жактагы жумушум: окуучуларды чет өлкөгө окууга даярдоо.

Сүрөт Абдысадык Мирзаевдин жеке архивинен алынды

— Монголия эмнеси менен айырмаланат? Эмнеси таң калтырды сизди?

— Монголиянын кыска убакытта өзгөрүп, өнүгүп кеткени таң калтырды. Өнүккөн өлкөлөр Япония, Кытай, Түштүк Корея, Австралия, Америка жана Германия менен дипломатиялык мамилелери өтө жакшы. Япония менен Түштүк Кореянын таасири өтө күчтүү болгондуктан, өнүгүү процесси ылдам кетип жатат.

— Тил маселесинде көйгөй болгон жокпу?

— Ал жаатта көп деле кыйынчылык болгон жок. Жумушумдун 90%ы англис тилинде болгондуктан, жергиликтүү тилди үйрөнүүгө муктаждык жарала элек. Мен жашаган шаарда орустар болгону үчүн эл ичинде орусча билгендер арбын.

— Сиз жашаган шаар Монголияда эмнеси менен өзгөчө?

— Мен жашаган шаар Эрденет деп аталып, экономикасы, кирешеси жагынан Монголияда экинчи орунда турат. Бул жерде ири тоо-кен комбинат (ГОК) жайгашкан. Жез концентраты, молибден концентраты чыгарылып, дүйнө жүзүнө экспорттолот. Жогоруда айткан эки кенди экспортоо боюнча дүйнөдөгү ТОП-10 комбинаттын катарына кирет. Башка аймактарга салыштырмалуу кышы жылуу, жайы жаанчыл, жаратылышы кооз шаар. ГОКтун АКШ жана Канадада өнөктөш университеттери бар. Тоо-кен тармагында билим алууну каалаган окуучулар жеңилдетилген баада окуп, кайтып келип, жакшы ишке орношо алышат. Ошондой эле ГОКто иштеген ата-энелердин балдары белгилүү бир пайыз гранттык акча алып, чет өлкөдө окуй алат.

— Монгол калкынын билим берүүгө болгон мамилеси кандай?

— Бул жактагы жумушум окуучуларды чет өлкөгө окууга жөнөтүү болуп саналат. Албетте, биз окуучуларды гранттык негизде окууга жөнөтүүгө умтулабыз, ошого карап даярдайбыз. Мына ушул жаатта мен монгол калкынын бир өзгөчөлүгүн байкадым: монгол эли билим берүүгө өтө катуу маани берет. Биздин окуучулардын арасында АКШдагы Ivy League рейтингине кирген беделдүү окуу жайларга, же болбосо дүйнөнүн эң алдыңкы 50 университетине барып, стипендия менен окугандар арбын. Монголияда Кыргызстанга салыштырмалуу чет өлкөдөн окуп, кайтып келгендер өтө көп.

— Монголиянын үлгү ала турган жактары кайсылар (биз үчүн, биздин өлкө үчүн)?

1. Банк системасы. Бир адамга мобилдик тиркеме менен акча которуу өтө жеңил жана каалаган жерде мини POS менен акча төлөй аласың. Ушуну бат өздөштүргөн эл.

2. Жеке менчик мектептер өтө көп. Бул — элдин төлөө мүмкүнчүлүгү жогору экенинин жана билимге өзгөчө маани бергенинин бир белгиси.

3. Жеке байкоомдо, сабырдуу жана жөнөкөй эл. Мамлекет сабырдуу жана ишин так кыла билген жөнөкөй инсандар менен жакшы нукта өнүгөрүнө ишенем.

4. Баскетболду укмуш сүйгөн эл. Балким Кыргызстанда да баскетбол спортун өнүктүрүүгө убакыт келди деп ойлойм.

5. Эл аралык мамилелерди тең салмакта сактай билген жана нейтралдуу, өз алдынча башкарууга умтулган калк. Бул жактан башка өлкөгө чыгуу Кыргызстанга салыштырмалуу кыйла жеңил сезилет. АКШ, Австралия, Түштүк Корея жана Жапонияга барып иштегендер арбын. Себеби, визаны оңой алышат.

6. Бренддердин расмий сатуу кеңселери көп десем болот. Эл Монголияда туруп эле «Порше» автоунаасын расмий түрдө ортомчусуз сатып ала алат.

7. Лизинг жана ипотека системасы кыйла жеңил жана жакшы өнүккөн.

— Алдыдагы пландарыңыз кандай?

— Буюрса, пландарым көп. Кесибим боюнча Япония, Түштүк Корея, АКШ жана Австралиянын университеттерине саякат жасап, гранттык мүмкүнчүлүктөрдү үйрөнүп, окуучуларга жаңы жолдорду ачуу максатым бар. Ошондой эле «Кыргызстанда да окуучулар ушундай мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланса, билимге умтулгандардын саны азыркыдан да көп болсо» деп кыялданам. Ошол эле учурда кыргызстандыктардын да чет өлкөгө чыгып билим алуусуна көмөктөшүү ниетим бар.

1 пикир

1 пикир

  1. Абс

    16.06.2023 11:56

    Азамат

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM