Биз менен байланышыңыз

Жапаров Цзиньпинди 70 жылдык мааракеси менен куттуктады

Кыска кабар | 15 Июн 2023 | 154 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди 70 жылдык мааракеси менен куттуктады. Жапаров Кыргызстан Цзиньпинди кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө зор күч-аракет жумшап жаткан ак ниет дос катары билет деп белгиледи.

Ал Кытайга мамлекеттик сапары жана «Борбор Азия-Кытай» саммитине катышуунун алкагында жетишилген макулдашуулар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук мамилелерин илгерилетүүгө жана Цзиньпин менен жеке алакасын чыңдоого негиз түзгөнүн айтты.

«Кыргыз-кытай ар  тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин жогорку деңгээлде туруктуу сактоо үчүн биргелешкен күч-аракетимди жумшоого ар дайым даярмын», — деди Садыр Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM