Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги Арча-Бешик конушуна ичүүчү суу график менен берилет

Кыска кабар | 14 Июн 2023 | 306 | 0

Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушуна ичүүчү суу белгилүү график боюнча берилет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

— 15-июнда саат 7:00дөн 23:00гө чейин конуштун жогорку бөлүгүнө суу берилет;
— 16-июнда саат 7:00дөн 23:00гө чейин төмөнкү бөлүгүнө;
— 17-июнда саат 7:00дөн 23:00гө чейин жогорку бөлүгүнө;
— 18-июнда саат 7:00дөн 23:00гө чейин конуштун төмөнкү бөлүгүнө.

Суу ташуучулардын цистерналары күн сайын дезинфекцияланып, «Аэропорт» суу алгычынан ичүүчү сууга толтурулат. Ар бир автоцистернада ичүүчү суунун сапатын көзөмөлдөгөн химиялык-бактериологиялык лабораториянын корутундусу бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM