Биз менен байланышыңыз

Суу тартыштыгы: Бишкек мэриясы маселени кантип жөнгө салууда?

Коом | 13 Июн 2023 | 188 | 0

Бишкектин түштүк аймактарындагы калктуу конуштарда таза суу маселеси көйгөйгө айланып турган учуру. Бир канча күндөн бери суусуз калган конуштардын тургундары жол тосуп алуу сыяктуу нааразычылык чараларын колдонууга аргасыз болушуп, көйгөйдү тезинен чечүүнү өкмөттөн талап кылып келишет. Борборду суу менен камсыздоо маселеси кандай жүрүп жатканы боюнча «Бишкек суу канал» ишканасына суроо салдык. Мекеменин коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн кызматкери Эрлан Тимуров бизге буларды айтып берди.

— Бишкектеги суу көйгөйүн чечүү үчүн учурда кандай иштер жүрүп жатат?

— Бишкек шаары суу менен туруктуу камсыз кылынууда. Бир гана Арча-Бешик конушунда үзгүлтүккө учурап жатат. Ал жактагы маселени чечүүдө комплекстүү чаралар көрүлүүдө. Аталган конуштун Айылчиев көчөсүнө диаметри 200 миллиметр, узундугу 1 км 300 метр болгон жаңы кошумча түтүк орноттук. Азыр тазалоо иштери жүрсө, сууну үзгүлтүккө учуратпоого чоң салым кошот. Ошондой эле сууну үнөмдүү колдонуу үчүн атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ашыкча колдонгон абоненттерге 8232 сом өлчөмүндө айып салынат.

— Суу тартыштыгы экологиянын таасири экенин айтып келесиздер. Бул жаатта атайын адистер менен алдын алуу чаралары көрүлдү беле? 

— Жер алдындагы суунун көлөмүн кармап туруу үчүн жасалма көлмөлөрдү жасап келгенбиз. Ошондой эле жер астындагы суунун көлөмүн нормага келтирүү үчүн бир топ иштер жасалып жатат.

— Азыр суу кандай тартип менен кайсыл конуштарга берилип жатат?

— Суу атайын белгиленген убакыт менен берилип жатат. Эртең мененки саат 07:00дөн 10:00гө чейин тургундар суу алууга тийиш. Бүгүн Арча-Бешик конушунун Жайыл Баатыр көчөсүнүн түштүк жагына берилди, кечээ өйдө жагына берилген. Суу көбөйүп келе жатат, жакынкы күндөрү толук кандуу бериле баштайт.

— Айрым коомдук жайлардын суу колдонуусуна чектөөлөр качанга чейин уланат?

— Бул — убактылуу эле көрүнүш. Сууга болгон чектөөлөр качанкыга чейин болору так белгисиз. Ал экологиялык факторлорго байланыштуу болот. Жердин астында суу көбөйүп калыбына келсе эле, чектөөлөр алынат.

— Маегиңизге ырахмат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM