Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан — Ооганстан футбол оюну боюнча CAFA чечим чыгарды

Кыска кабар , Спорт | 13 Июн 2023 | 962 | 0

Борбор Азия футбол ассоциациясы (CAFA) Кыргызстан — Ооганстан футболчуларынын беттешинде болгон окуя боюнча чечим чыгарды.

Оюн учурунда ооган футболчулары финалдык ышкырык жаңырганга чейин эле оюн талаасын таштап кетишкен.

CAFAнын чечимине ылайык:

  • Оюн орун албай калды деп табылды: Кыргызстан 3:0 эсеби менен беттештин жеңүүчүсү деп жарыяланды;
  • Мелдештин регламентин бузгандыгына карабастан турнирдин жакшы имиджин камсыз кылуу максатында Ооганстандын курамасына турнирде катышуусун улантууга уруксат берилди;
  • Ооганистандын курамасынын башкы машыктыруучусунун жүрүм-турумун CAFA`нын дисциплинардык комитети карайт (андан аркы санкциялар киргизилиши мүмкүн).

Ооганстандын курамасы оюн талаасын таштап чыгып кетти

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM