Ооганстандын курамасы оюн талаасын таштап чыгып кетти

Бүгүн, 10-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Ооганстандын курама командасы менен ойноп, оюндун акыркы минутасында 1:0 эсебинде жеңди. Ооганстандын курама командасы калыска нааразы болуп, протест катары оюн талаасын таштап чыгып кетти. Оюн Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Футбол мелдеши Борбор Азия футбол ассоциациясынын Улуттар Кубогунун тайпалык раундунун алкагында өтүп жатат.