Борбор Азия футбол ассоциациясы (CAFA) Кыргызстан — Ооганстан футболчуларынын беттешинде болгон окуя боюнча чечим чыгарды.
Оюн учурунда ооган футболчулары финалдык ышкырык жаңырганга чейин эле оюн талаасын таштап кетишкен.
CAFAнын чечимине ылайык:
- Оюн орун албай калды деп табылды: Кыргызстан 3:0 эсеби менен беттештин жеңүүчүсү деп жарыяланды;
- Мелдештин регламентин бузгандыгына карабастан турнирдин жакшы имиджин камсыз кылуу максатында Ооганстандын курамасына турнирде катышуусун улантууга уруксат берилди;
- Ооганистандын курамасынын башкы машыктыруучусунун жүрүм-турумун CAFA`нын дисциплинардык комитети карайт (андан аркы санкциялар киргизилиши мүмкүн).