Connect with us

Аскердик доктринанын жаңы долбоору сунушталды

Кыска кабар | 13 Июн 2023 | 612 | 0

Бүгүн, 13-июнда мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө.

Анда Коргоо министрлиги тарабынан жаңы аскердик доктринанын долбоору тууралуу маалымат айтылды. Аскердик доктринанын өзгөрүүсүнө Башмыйзамдын жана улуттук коопсуздук концепциясынын, дүйнөдөгү жана Борбор Азиядагы аскердик-саясий кырдаалдын өзгөрүшү, аскердик өнүгүү көйгөйлөрү жана заманбап чакырыктар себеп болгону айтылды.

«Жаңы аскердик доктрина коргонууга негизделген. Тактап айтканда, агрессияны болтурбоо, Кыргызстан аймактык көз артууларды аскердик күч менен чечүү максатын колдобойт», — деп жазылат бүгүнкү сунуштамада.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын аскерлеринин саны акыркы эки жылда көбөйүп, кошумча батальондор түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM